Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

А. Ибраимов: Тил мыйзамындагы "же" байламтасын алуу керек


Өкмөттө, президентте жыйындар көбүнчө орус тилинде өтөт.
Өкмөттө, президентте жыйындар көбүнчө орус тилинде өтөт.

Жаңырган жылы кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 20 жыл толот. Ошого байланыштуу мааракелик жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн кандай чаралар зарыл экенин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Азимжан Ибраимов айтып берди.

- Ушул өткөн жыйырма жыл аралыгында кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүү үчүн жетиштүү чаралар көрүлдүбү?

- 20 жылдын ичинде, эл өзгөрдү, элдин маанайы өзгөрдү дегендей. Мурун орус тилине эл артыкчылык берип келген. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында кыргыз тилине мамлекеттик тил катары артыкчылык бериле баштады. Бул биздин эң биринчи жетишкендигибиз. Мамлекеттик тил мыйзамы иштебей келди да чындыгында. Мына ошол иштей баштады, элдин маанайы кыргыз тилине бурулуп, кыргыз тилге маани бериле баштады. Бул биздин ийгилигибиз.

Экинчиден, биз бүгүнкү күндө дагы эле болсо мамлекеттик тил мыйзамына чоң өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Анткени Жогорку Кеңешке биздин мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүү-толуктоолорду бергенбиз, ошолор кабыл алынбай жатат да. Ошолорду өткөрүп тил мыйзамындагы “же” деген байламталарды алып алсак, мына ошондо бизде жакшы бир ийгилик болот эле да.

-Ошол парламенттке берилген мыйзамдын өзгөчөлүгү эмнеде болуп жатат?

-Өңдү көрсө жүз таят” деп мыйзамдагы “же” деген байламта көп ишканаларга, көп министирликтерге мамлекеттик тил мыйзамын сыйлабаганга жол берип коюп жатат да. Мен кааласам кыргыз тилинде сүйлөйм, кааласам орус тилинде сүйлөйм, кааласам мамлекеттик тилде иштейм дегендей жол берилип жатат.

-Ошол мыйзамда кыргыз тилинин ролунун күчөшүнө алып келе турган өзгөчөлүк кайсы болуп жатат, “же” деген байламтаны алгандан башка?

- Эң биринчи мамлекеттик тил мыйзамын көзөмөлдөй турган, аткара турган түздөн-түз ыйгарым укуктуу бир орган керек экендигин белгилешибиз керек. Мына ошону дагы өткөн парламент өткөрбөй койгон аны прокуратура аткарат, өкмөт аткарат деп. Өкмөттө бир да структура жок мамлекетттик тилди тейлей турган. Мамлекеттик тил комиссиясы иштеп жатат бүгүнкү күндө, бирок бизде дагы толук жетиштүү ыйгарым укуктар жок. Прокуратура буга түздөн-түз кийлигишпейт. Ошон үчүн бүгүнкү күндө мамлекеттик тил маселеси талаада калып жатат. Ошонун артынан тушө турган орган катары мамлекеттик тил комиссиясына ыйгарым укуктарды бериш керек, ошону мыйзамдаштарыш керек.

- Сөзүңүзгө улай, мындай деген суроо болуп жатат. Өкмөттө, президентте жыйындар көбүнчө жыйындар мамлекттик тилде эмес, орус тилинде өтөт. Бул жагынан кандай, өкмөт бул жагынан өрнөк көрсөтүш керек эле.

-Тилеке каршы, ошондой болуп жатат. Бирок бүгүнкү күндө өзгөрүүлөр бар. Премьер-министирибиз Игор Чудинов дагы кыргыз тилин үйрөнүп жатат. Үйрөнгөнүнө бир жылдан ашып кетти. Мамлекеттик жыйындарды, өкмөттүк жыйындар чала моңол кыргыз тилинде жүргөн учурлар болот, орус тилинде өткөн учурлар болот.

Албетте, бүгүнкү күндө айтышыбыз керек эмне үчүн жыйындар кыргыз тилинде өтпөй жатканын. Бирок түндүктөн түшө калгансып эле өтүп ийгенде болбойт. Анткени кыргыз тилинде маданияттуу сүйлөш керек, жаза билиш керек. Ошондо гана мамлекеттик тилге өтүш керек. Тура калып эле кыргыз тилинде эч ким сүйлөй албайт. Бул белгилүү даярдыкты, ырааттуулукту талап кылат.

Бүгүнкү күндө ырааттуулука жетише алган жокпуз, акырындык менен окуп атат. Мамлекеттик чиновниктердин баарын тең окутуп атабыз, 50 пайызга жакын мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилине үйрөтүп иш кагаздарын жүргүзүүгө үйрөткөнгө жетиштик да. Бул дагы бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкердин милдети катары эсептелген чоң талап. Мына ошого жетиштик. Албетте, кыргыз тилине толук өткөрсөк жакшы болмок, бирок буга убакыт керек.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG