Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Шекер айылында спорт сарайы ачылды


Кара-Буура районундагы Шекер айылында жергиликтүү эл өзүнүн демилге-аракети жана эл аралык уюмдун каржылык колдоосу менен чакан спорт сарайын куруп алышты.

Союз мезгилинде Шекер айылынан чыккан Эшенкул деген балбан Москва циркине чакырылып, тиричиликтин айынан ал жакка бара албай, өз жеринде мал чарба тармагында иштеп 10 баланы тарбиялап келген.. Мына бүгүн өзүнүн айылында Эшенкул балбандын аты коюлуп спорт сарайы ачылып отурат.

Эшенкул балбан тууралуу анын жердештери төмөнкүчө эскеришет:

-Арчагулдун бери жагындагы күпкө бар эмес беле, ошол күпкөнүн жанында трактир келе жатып сазга тыгылып калды. Кетип эле баратат, кетип эле баратат айланайын. Анан эмне кылыш керек. Эч чыгарууга мүмкүн эмес, телешкасын чыгарсак да чакпайт. Анан Эшенкул аке араак барып туруп, жана бул жерде айтылбадыбы бир чоң таш котөрүп келген деп Жапырыш аке. Ошондой бир ташты көтөрүп келди, ары жактагы дөңгөлөктүн алдына койду. Анан “Эми силер мына мобунун тоголотуп түшүрүп койгула мен көтөрөм”,- деди. Ой тобоо! Кармап туруп туруп трактирдин жарымын көтөрдү го, биз жанагы ташты зорго алдына койдук. Ошол менен трактирди жүргүзүп телешкасын кошуп алып келип калдык айылга,-деп эскерет Эшенкул балбанды анын жердеши Сейитбек Калыбеков.

Бул спорт сарайын тургузууга Эшенкул балбандын балдары 30 миң сом жардам көрсөтүшкөн. Эл аралык кызыл чырым, кыргыз- швейцариялык фонд тарабынан төрт жүз мин сомдой көмөк болгон.

Спорт сарайынын ачылыш салтанаты менен бирге эле марафон да өткөрүлүп, жергиликтүү тургундар акчалай салымдарын кошуп жатышты. Чогулган каражатка спорт эмеректерин алышмакчы.

Бул имарат залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата ачылмак, бирок тилекке каршы, атактуу жазуучу бул салтанатты көрбөй калды.

-Мына Чыңгыз атабыз өтүп кетсе да ошонун Шекер айылына чоң жаңылык. Эшенкул атамдын аты коюлуп спорт ордосу ачылып жатат. Ушул жерден Шекер айылынан “Аккан арыктан суу агат” дагы мыкты чеипиондор чыга берсин. Ушул жер ак жолтой болсун. Дайыма Кыргызстанды алдыга сүрөгөн, Таласты дүйнөгө дүңгүрөткөн балбандарыбыз чыга берсин, -дейт Шекер айылынын тургуну Бегаалы Жунушалиев.

Салтанаттын соңунда эркин күрөш боюнча Эшенкул балбан атындагы мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр диплом жана акчалай байгелер менен сыйланышты.


XS
SM
MD
LG