Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Газа тилкесиндеги азыркы кан төгүү АКШда Жорж Буштун президенттик доору аяктап жаткан учурга туш келди. Буштун сынчылары анын администрациясы акыркы сегиз жылда Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны менен толук алектенбегенин айтышат. Ал эми президенттик кызматына 20-январда расмий киришүүчү Барак Обаманын администрациясынан эмнени күтүүгө болот?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу ушул жана башка суроолор менен АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин президент Билл Клинтондун тушундагы мүчөсү, азыр Техас университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Жеймс Линдсейге (James Lindsay) кайрылды.

"Азаттык": - Израил менен Палестинанын тынчтык жараяны татаал жана көңүл калтырарлык. Президенттердин кимиси болбосун андан оолак турууну каалашы мүмкүн. Бирок сиз Барак Обама АКШнын бул маселеге аралашуусун күчөтөт деп күтөсүзбү?

Жеймс Линдсей:- Барак Обама шайлоо өнөктүгүн баштаган учурда эле дүйнөнүн көп маселелери, бөтөнчө Жакынкы Чыгыш боюнча америкалык дипломатияны кайра жандандырарын ачыктаган. Биз ушу тапта билбеген нерсе – президент Обама бул дипломатияны кантип ишке ашырары. Бирок мен башында зордук –зомбулукту басуу жана тынчтык жараянын колдоо аракетинде олутуу алекеттенүү болорун күтөм.

"Азаттык": - Барак Обама Мамлекеттик катчылыкка сенатор Хиллари Клинтонду дайындады. Анын жубайы, мурдагы президент Билл Клинтон 1990-жылдары Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жакындан аралашкан. Мындан улам Хиллари Клинтон АКШга анын аймакка кайрадан тартылуусу үчүн маанилүү нерсе алып келе алабы?

Жеймс Линдсей: - Сенатор Клинтон эки негизги сапатты алып келет. Биринчиден ал улук жана калыптанып калган саясий ишмер. Анын таасири бар. Экинчиден, ал эки тарап менен тең: палестиналыктар, израилдиктер менен да жакшы алакада. Ушул жагдай да эсепке алынуусу керек. Менимче израилдиктерде, палестиналыктардын эсинде да анын күйөөсү президенттик кылган мезгилдин жакшы нерселери калса керек. Менин пикиримде, Клинтон Мамлекеттик катчы катары кабылуусу мүмкүн болгон жалгыз көйгөй - жаңжаалдашкан эки тараптан оголе көп адамдын андан жана президент Барак Обамадан күткөндөрүнө ылайыкташуусу.

"Азаттык": - Сиз Хиллари Клинтон Мамлекеттик депараментке Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны менен алектенүүсү үчүн кимдерди алып келерин, алар кандай ыкма менен иштерин билесизби?

Жеймс Линдсей: - Биз Барак Обаманын администрациясы Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына артыкчылык берүүгө камынып жатканынын билгенибиз менен ушу тапта алар мунун кантип жасоого ниеттенип жатканын билбейбиз. Мамлекеттик катчы Клинтон чечүү кызматтарга кимдерди дайындарын да билбейбиз. Барак Обаманын администрациясында өзгөчө тапшырмалар боюнча элчилердин кызматы киргизилери жөнүндө көп божомолдор айтылды, мындай болушу мүмкүн. Көп адамдарды аттары талкууланды, бирок биз так билбейбиз. Андыктан бул жараянга кайсыл адамдар тартыларын, кандай күчтүү жана алсыз жактарды алып келерин аныктоо эртелик кылат.

"Азаттык": - Сиз Жорж Буштун сынчыларынын АКШ Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жакшы аралашпай, кыртышты жоготуп койду деген ырастоолоруна кошуласызбы?

Жеймс Линдсей: - Ооба биз кыртышты жоготуп койдук жана Обаманын өкмөтү туш болуучу көйгөй кыйла эле оор. Биз бүгүн Газадан көрүп жаткандар мунун далили. Бул - акыркы сегиз жылда жеңилдебестен, кайра курчуп кеткен көйгөй жана эбегейсиз дипломатиялык аракеттерди, алдыга жылуу үчүн Израилден да, Палестина тараптан да чегинүүлөрдү талап кылат. Бул - азырынча асманда калкып турган чоң суроо.

"Азаттык": - Франциянын президенти Николя Саркози жана Еврошаркеттин учурдагы төрагасы – Чехиянын тышкы иштер министри Карл Шварценберг Газада ок атышуунун токтотуу үчүн ортомчулук аракеттерин көрүүдө. Вашингтон бул ишке аралашуусу керекпи, кечигип калган жокпу?

Жеймс Линдсей: - Жорж Буштун администрациясы бул маселе боюнча өз турумун буга чейин эле ишара кылган. Ал турум - ок атышууну токтотуу багытында биринчи кадамды Хамас жасоосу керек. Вашингтондун көз карашында, Хамас буга бармайынча, АКШнын кийлигишүүсүнүн зарылдыгы жок. Балким Саркози мырза менен чехиялыктардын аракети бир жакшы жыйынтыкты алып келер. Биз мурдагы тарыхтан билгендей, кайсыл бир учурда кандайдыр бир элдешүү болот. Менимче, Буштун администрациясы ок атышуу Израилдин шартында токтош керектигин каалаганы түшүнүктүү, ушул жүйөөдөн улам азыркыдай турумду карманууда.

"Азаттык": - Урматтуу профессор, маегиңиз үчүн чоң ырахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG