Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Бүгүн Ыйса машаяктын туулган күнү


Маалыматка караганда, Ыйсанын туулган күнүнө арналган майрамдык кызмат көрсөтүү бүгүн таңкы сегизде болот. Христиандар православдык чиркөөлөргө келип, шам жагып, кудайга жалынышат. Бул күнү ошондой эле кедей-кембагалдарга садага таратып, муктаждарга колдон келген жардам берүү керек. Ыйсанын туулган күнүнө карата президент Курманбек Бакиев кыргызстандык христиандарга куттуктоо жолдоду. Анда мамлекет башчы К. Бакиев бул майрамды дүйнө жүзүндөгү христиандардын баары кең пейилдик, адамгерчилик, кечиримдүүлүк жана түшүнүү сыяктуу адамзаттын түбөлүк баалуулуктарынын сакталышына ишеним менен майрамдашаарын айтты. Католиктер бул күндү Григориян календары боюнча белгилешсе, православдар Юлиан календары боюнча белгилеп келишет.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG