Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Жумушсуздардын армиясын мандикерлер толуктайбы?


Орусияда миллионго чукул кыргыз атуулдары жашап иштеп жан багып жүрүшөт.

Орусияда миллионго чукул кыргыз атуулдары жашап иштеп жан багып жүрүшөт.

Электрондук маалымат булактары акыркы күндөрү Борбор Азиянын үч өлкөсү -- Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан сыртка экспорттоп келген жумушчу күчтөрдүн проблемалары тууралуу көбүрөөк жаза башташты. Ал эмне болгон проблема?

Орусиялык эксперттер жумушчу күчтөрүн экспорттоп келген Борбор Азия өлкөлөрүн Орусия жана Казакстан менен сүйлөшүү үчүн тегерек үстөлгө чакырууда деп жазды Бишкектеги “Zpress. Kg” маалымат агенттиги. Анализчилердин айтымында үстүбүздөгү жыл Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн кыйын жылдардан болот. Анткени аталган өлкөлөрдүн дал ошол Орусия менен Казакстанда мандикерлик кылып жүргөн миллиондогон жарандары өз мекенине кайтып келүү алдында турат.

Казакстан менен Орусиялык маалымат булактарынын билдиргени боюнча аталган өлкөлөр сырттан келүүчү мигранттар үчүн каралган үлүшүн быйыл жетишерлик түрдө кыскартышкан. Анын үстүнө бул мамлекеттер мындан ары карай мигранттардын төрт гана категориядагыларын кабыл алат. Алар - өндүрүштүн начальниктери, жогорку жана атайын билими бар адистер, кесиптик билими бар жумушчулар жана сезондук иштерди иштей алганга күчү жете турган алдуу-күчтүүлөр.

Ошентип байкоочулардын пикири боюнча бул маселелердин күңгөй-тескейин мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салса болот. Анткени казынасы каржалып турган Борбор Азиянын бул үч өлкөсү Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн өзүлөрүнүн жалданып иштеген жарандарынын эсебинен бел оорутуп, кол жоорутуп олтурбай эле казынага миллиондогон доллар кирешелерди алып келген. Эми ошонун көбүнөн кол жууганы жатпайбы.

“Фергана.Ру” маалымат агенттиги Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Пахтакор районунун Чаманзор кыштагында жергиликтүү калктын нааразылыгы болгонун кабарлады. Өзбек жарандарынын бул башаламан нааразылыгынын себеби калкты электр энергиясы жана газ менен камсыз кылуунун жетишсиздигинен келип чыккан.

Жаңы жылда күйүп турган жарык 2-январь күнү күндүзгү төрттөн кийин өчүп калган. Өзбекстандык укук коргоочу Саид Курбановдун айтымында жарыкты керектүү убакта өчүрүп салышып, жанды кашайтып эл жаткандан кийин күйгүзүшүүдө. Калк көтөрүлгөндөн кийин гана жергиликтүү бийлик электр жарыгын берүүнүн графигин тургундардын жашоо-ыңгайына жараша түзүп чыгууга убада берди. Аталган маалымат булагынын кабарлаганы боюнча кыдыракей өчүрүү Өзбекстандын Фергана, Анжиян, Самаркан облусттарын да каптады. Ташкенде азырынча мындай көрүнүш жок.

“Борбор Азия жаңылыктар кызматы” маалымат агенттиги Нидерландиянын эларалык институтунун илимий кызматкери Марсель де Хаастын “Борбор Азиянын дөөсү ойгонуп келатат” деген макаласын сунуш кылды. Шанхай Кызматташтык Уюму жер шарындагы калктын дээрлик жарымын өзүнө бириктирип турган өлкөлөрдөн турат деп жазат автор анысында.

Бул мамлекеттердин көбү энергетикалык кудуретке эгедер, айрымдары ядролук курал-жарактардын ээси, арасында дүйнөлүк экономикалык системага өтө батыл аралашып жаткандары да бар. Советтер Союзунун урандысынан пайда болгон ШКУга Кытай менен Орусия лидерлик кылат. Кытай бул уюмдун алкагында өзү чыгарып келаткан товарларын дүйнөгө андан ары сатып өткөрө турган жолдор менен энергия булактарын издеп атса, Орусия уюмду өзүнүн антибатышчыл программасын үгүттөө максатына пайдалануу аракетин көздөп атат.

Уюмдун калган мүчөлөрү ошол эле орус сыртын салып турган Батыш менен экономикалык бекем байланышта болууну каалайт. Анткени Европа Борбор Азиянын энергиясына муктаж болгондой эле, Борбор Азия Европанын инвесторлоруна муктаж дейт аталган макаланын автору Марсель де Хаас мырза.

Эмгек мигранттарына арналган макалага “Кабар” маалымат агенттиги да кайрылды. Макала “Мигранттардын кайтып келиши Кыргызстандын социалдык абалын кыйындатат” деген ат менен жарык көрдү.

КМШ өлкөлөрүнүн Борбор Азия боюнча адиси Андрей Грозиндин айтуусунда дүйнөлүк кризистин эпкинин Кыргызстан али жетишээрлик түрдө сезе элек, анын кесепети али алдыда. Ал эми Орусия менен Казакстан батыштан каптап келген финансы кризисинин апаатын өз жонтериси менен аңдоодо.

Анализчинин айтканы боюнча Кыргызстан сыяктуу экономикасы этегине чалынган өлкөлөр мунун капшабын бир аз кечигибирээк байкайт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен дүйнөлүк экономикага ылдам интеграциялашкан Казакстан глобалдык кризистен көбүрөөк жапа чекти.

Немис журналисти Рик Альбрехт минтип жазат: “Акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүү бул өлкөнүн шаарларына чоң акчалардын агымын айдап кирген болучу. Кыймылсыз мүлккө болгон баа көз алдыда өскөн. Казак банктарынын өлкөнүн резервдик фондудан алган кредитинин жалпы көлөмү эле 46 млрд. долларга жеткен. Мына ошондуктан Орусия менен Украинага караганда кризис Казакстанды белге катуу чапты.”

Ошентип дүйнөлүк кризис Кыргызстандын чеке-белине гана келип жетти. Дагы бир айта кетчү нерсе, Кыргызстандын экономикасынын эки бутун тушап, басайын десе бастырбай, кишендеп турган желмогуз коррупция болууда. Эларалык абройлуу бир уюмдун өткөн айда жасаган докладына Кыргызстан дүйнөдөгү өлкөлөрдүн ичинен коррупцияга эң эле кекиртегинен баткан өлкөлөрдүн бири катары кирген.

Экономика илимдеринин доктору Жумкадыр Акенеев бир интервьюсунда “Кыргызстанда бери эле дегенде анын 1 жарым, 2 жылдык бюджетине барабар акчалар таланып-тонолуп турат” деп айткан. Эгер өлкө коррупцияга каршы олутту күрөш жүргүзө албаса анда анын келечеги тумандуу бойдон кала берери турган иш. Мамлекет деген кайдагы бир бирөөлөрдүн бийлик амбициясын же бизнесин коргооочу эмес, элин, жерин коргой турган мамлекет болуш керек. Ансыз алдыга жылыш болбойт деп айтылат макалада.

“Борбор Азия жаңылыктар кызматы” Кыргызстандын телерадиокомпаниялары жаңы жылды “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” боюнча мыйзамды бузуу менен башташты” деген ат менен Александр Токмаковдун макаласын тартуу кылды. Аты аталган мыйзамга ылайык Кыргызстандын бардык телерадиокомпаниялары 50 пайыздан кем эмес берүүлөрүн мындан ары жалаң кыргыз тилинде берип турушу керектиги көрсөтүлгөн.

Журналист Александр Кулинскийдин айтуусунда телеберүүлөр жөнүндөгү азыркы мыйзам Кыргызстандагы шартка деги эле ылайык эмес. Анын үстүнө бул документ украиндердин мыйзманынан түздөн түз көчүрүлүп алынган. Эксперттин оюнча мыйзмады кайрадан жазып чыгуу керек. Ансыз деле “Ак жол” фракциясынын көптөгөн депутаттары телеберүүлөр жөнүндөгү мыйзамдын чийки бойдон, шашылыш кабыл алынып калганын айтып жатышат деп белгилеген.

Ушул эле жаңылыктар кызматы аркылуу Кыргызстандын медиа өкүлү Илим Карыпбеков Кыргыз мамлекети да буга дейре Казакстан менен Орусия өзүлөрүнүн медиатармагында колдонуп келген сценарийдин жолуна түштү деп билдирди. Мунун мисалы катары ал “Алиби” жана “Де-факто” гезиттеринин жабылып калышын келтирди. Эми акыркы кездери өлкөдөгү интернет мейкиндигин көзөмөлгө алуу жөнүндө сөз чыга баштады. Дүйнөлүк практикада да интернетти өз көзөмөлүнө алгысы келгендер эчен ирет чыккан, бирок интернетке нокто катканга дүйнөдө азырынча эч кандай жетиштүү ресурстар да, техникалык мүмкүнчүлүктөр да жок деди ал.
XS
SM
MD
LG