Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Бул жылы КМШнын бардык органдарын Молдова жетектейт


Мындай чечим 2008-жылдын октябрында Бишкекте өткөн шериктеш өлкөлөрдүн саммитинде каралган. Анда кабыл алынган жобого ылайык 2009-жылы мамлекет башчылары, өкмөт башчылары, Тышкы иштер министрлери кеңешине жана башка органдарга Молдова жетекчилик кылат. Жетекчилик кылуучу тарап жалпысынан КМШнын иштерин уюштуруп, мурдагы жыйындарда алдыга коюлган маселелердин аткарылышын көзөмөлдөйт. Шериктеш өлкөлөрдүн Аткаруу комитетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда Молдова КМШны жетектөөгө катуу даярдык көрүүдө. Ага карата улуттук комиссия түзүлүп, аны президент Владимир Воронин өзү жетектей турганы кабарланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG