Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Л. Сыдыкова: Сот системасы толук коррупциялашкан деген доомат туура эмес


Мындай пикирин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук жана сот реформалар комитетинин башчысы, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Лейла Сыдыкова билдирди. Сыдыкованын пикиринде чала сабат адамдар өздөрүн курмандыкка чалынган адам катары көрсөтүү максатында ушундай ойлорду айтып жатышат. Иш жүзүндө адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экендигин бир нече тепкичтен турган соттук териштирүүлөр, ал аз келсе көз карандысыз адвокаттар таразалап берет. Бул үчүн Кыргызстанда мыйзамдык негиздер толук түзүлгөн деп эсептейт. Оппозициялык күчтөр болсо сот системасы толугу менен аткаруу бийлигинен көз каранды деп, анын акыйкаттыгына оппозиция сыяктуу эле эл дагы ишенбейт деген көз караштарын байма-бай айтып келатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG