Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

И.Гайыпкулов: Министрликтер бюджеттин 2 багытын максатсыз пайдаланууда


Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гайыпкуловдун “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдиргенге караганда өкмөттүн тутумундагы бардык министрликтерде бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу фактылары бар. Жалпы мүнөздүү көрүнүш – министрликтер бюджеттин эки багыттагы каражаттарын, атап айтканда курулуш жаатында тендер өткөрүү жана иш сапарлар боюнча каражаттарды ашык чыгымдап жатышат. Эсеп палатасы өткөн жылкы текшерүүнүн жалпы жыйынтыгы боюнча докладды даярдап, Жогорку Кеңешке тапшырды деп билдирди Искендер Гайыпкулов. Эсеп палатасы 2008-жылы структуралык реформа жасап, мурдагы 14 аудитордун ордуна 3 аудиторду калтырган жана бюджеттик каражатты пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүүгө артыкчылык берерин билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG