Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Пакистандын тышкы иштер министри Ооганстан менен алакада "бурулуш" болду деп эсептейт


Махмуд Куреши бул тууралуу бүгүн Кабулда Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Ооганстанга жасаган визитинен соңунан билдирди. Анын айтымында, визит учурунда кабыл алынган декларация - эки өлкөнүн утур-утур чыңалып келген алакасындагы "бурулуш". Кабулга биринчи расмий сапары менен шейшембиде келген Асиф Али Зардари ооганстандык кесиптеши Хамид Карзай менен кечээ жана бүгүн эки айлампада сүйлөшүү өткөрдү. Тараптар эки коңшу чектешкен аймактарда согушкерлерге жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүнү, саясий, соода-экономика, билим берүү тармактарында кызматташууну убада кылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG