Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Франция Израил Газа боюнча тынчтык планды кабыл алуусун кубаттады


Француз президенти Николя Саркозинин айтымында, Израил жана Палестин администрациясы Газа сектору боюняча тынчтык планын кабыл алышты. Саркозинин кеңсесинин билдиргенине караганда, президент тараптардын мындай кадамын кубаттады жана Египет менен Франция сунуш кылган планды мүмкүн болушунча тез аткарууга чакырды.

Анткен менен Израил тынчтык планы боюнча сүйлөшүүлөр али жүрүп жатканын, ал эми Газа секторун көзөмөлдөгөн Хамас тобу сунуштарды иликтеп жатканын билдирди.

Франция менен Египеттин планында Газа тилкесине жардам жетикирүү үчүн ок атышууну чектелген мөөнөткө токтотуу жана Хамас көзөмөлдөгөн Газанын Египет менен чек арасынын коопсуздугу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү чакырыгы айтылган.

Израил бүгүн Газага азык –түлүк жана отун келүүсү үчүн аскерий операциясында кыска мөөнөткө тыныгуу киргизди.

Буга чейин Кызыл Чырым уюму Газа тилкеси азык-түлүктүн, отундун, дары-дармектин жетишсиздигинен улам "кеңири масштабдагы" гуманитардык кризиске кабылганын билдирген эле.

12 күн мурда башталган чабуулдан, бүгүнкү маалыматтарга караганда, алты жүздөн ашуун палестиналык жана 10 израилдик мерт болду.
Израилдин айтымында, Хамас көзөмөлдөгөн Газа тилкесиндеги операциясынын максаты анын согушкерлерин өлкө аймактарына ракета атуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

XS
SM
MD
LG