Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Ооганстан менен Пакистандын президенттери эки тараптын алакасында буга чейин кездешпеген тилектештикти көргөзүү менен террорго каршы күрөштө биргелешкен аракетти убада кылышты. Бул тууралуу Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Ооганстанда эки күнгө созулган биринчи расмий сапары учурунда билдирилди.

Пакистандын азыркы президенти Асиф Али Зардари расмий сапар менен шейшембиде келгенде суук аба-ырайы өкүм сүрүп турган Кабулда ооган кесиптеши Хамид Карзай аны жылуу тосуп алды. Зардаринин урматына ардак кароол тизилип, асманга салют атылды. Карзай коногун "боордош" деп атап, Пакистан менен Ооганстан жаңы мамилеге ээ болгонун белгиледи.

Хамид Карзай, ошондой эле, Пакистанды талиб согушкерлерине баш паанек бергени үчүн айыптабай калганын кошумчалады. "Президент Зардаринин ант берүү аземинен бери силер Ооганстандан кимдир-бирөө даттанып жатканын уккан жоксуңар",- деди Карзай кабарчылар менен маегинде. Ал эки лидер мамлекеттери ортосундагы мурдагы ыйкы-тыйкылыкты унутканын ишара кылды:

- Эки өкмөттүн, эки президенттин ортосунда биз жетишкендей өз түшүнүшүү буга чейин болуп көрбөгөн.

Айтор эки коңшу өлкөнүн лидерлери тыгыз алака орнотуу багытындагы кадамдарды буга чейин да жасашкан эле. Былтыр сентябрдын башында Карзай Зардаринин ант берүү аземине катышкан жалгыз чет элдик лидер болгон. Жыл соңунда болсо алар Стамбулда Түркия демөөрчүлүк кылган жыйында кездешип, террордун кандай түрү болбосун каршы турууну убада кылышкан.

Пакистан президентинин Кабулдагы расмий сапары учурунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен декларацияга кол коюшту. Документте эки өлкөнүн алакасында "жаңы баракты" ачуу чакырыгы, тараптар "террорчулукка каршы күрөшүү үчүн биргелешкен кеңири стратегияны иштеп чыгууну" макулдашканы айтылат. Ага катар тараптар "аймакты согушкерлердин, экстремизм менен террордун коркунучтарынан тазалоо үчүн" эл аралык коомчулукту жардам көргөзүүсүн улантууга үндөштү.

Пакистан менен Ооганстан ортосундагы кызматташтык Түштүк Азияда террорга каршы күрөшүүдөгү чечүүчү фактор катары эсептелинет. Пакистан президенти Зардари өзү бир жылча мурда террорчулардын жардыруусунан жубайы, мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттодон айрылган эле. Ал Кабулдан айткан сөздөрүндө Ооганстан менен террорго каршы күрөштө кызматташууга милдеттеме алгансыды:

- Биз дүйнөгө өлкөлөр менен улуттарды, иш жүзүндө ири державаларды согушка кириптер кылган мамлекеттик эмес бирикмелер менен күрөштө ийиндешип турарыбызды көргөзгүбүз келет. Биз алардын максаттарынын курмандыгы болбойбуз деп айтабыз. Биз алдыны, жакшылыкты, эртеңки күндү көздөй жылабыз.

Анткен менен айрым талдоочулар эки президенттин боордоштук сөздөрү дипломатиялык оюндан гана ары кете албай калуусу мүмкүн экенин ишара кылышууда.

Маселен Кабулдук талдоочу Насрулла Станекзай "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, кабыл алынган декларацияда көргөзүлгөн максаттар эки тарапту кызматташтыкка укуктук база түзүүчү конкреттүү келишимдер менен коштолуусу керек. Ага катар талдоочу президент Зардари өлкөсүн Ооганстан менен кызматташтырууда оор көйгөйлөргө кептелерин кошумчалады:

- Өтө маанилүү нерсе – президент Зардари мамлекет башчысы катары бийлигин бул декларацияны чындап аткаруу үчүн пайдалана алары. Андай болбосо, эгер Пакистандын аскерий жана чалгын жетекчилери бийликке түрдүү жолдор менен таасир көргөзүүнүү уланта беришсе, мен бул декларациянын аткарылуусу боюча анчалык деле оптимист эмесмин. Экинчи маселе – Пакистандын аскерий жана чалгын кызматтары өзүлөрүнүн жан сактоосун коңшу өлкөлөрдүн, өзгөчө Индия менен Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүдөн көргөнү.

Пакистандын аскерий өкүлдөрү болсо жогорудагыдай ырастоолорго макул эмес. Алар акыркы беш жылда Талибан менен "ал-Каидага" каршы күрөштө бир жарым миңге жакын жоокер окко учканын аргумент катары келтиришет.

"Биз балким айнып калгандырбыз, бирок биз эс-акылыбыздан толук ажырай элекпиз. Биз террор Индиянын эмес, биздин душман экенин эң сонун билебиз" ,- деп айткан немистердин "Шпигел" журналындагы акыркы интервьюсунда Пакистандын аскерий чалгын мекемесин жетектеген генерал Ахмед Шуджа Паша.

Ал эми пакистандык мурдагы генерал, азыр аналитикалык иштер менен алектенген Талат Масуддун пикиринде, Исламабад акыркы жети жылдан бери Индиянын Ооганстанда таасири өсүп бара жатканын дүрбөлөңгө түшүү менен карап келди. Бирок чек аранын эки тарабында тең Талибан менен "ал-Каида" козголоңчуларынын активдешип, кыянатчылыктарды күчөтүүсү Исламабаддын көз-карашын өзгөрттү.

Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде токтолгондой, жогорудагыдай жагдай аймакта башка эмне болуп жатканына карабай, Кабулга да, Исламабадга да террорго каршы күрөштөгү кызматташтык үчүн стимул берүүдө:

- Бул президент Зардаринин кызыкчылыгындагы маселе жана ал так кесе айтты. Ал ошондой эле Талибанга каршы интеллектуалдуу, идеологиялык жана кыраакы саясатты кармануда. Алардын Пакистан бийлигиндеги таасирин кыскартууну жана жоюуну каалайт. Ал ошоной эле муну өзүнө жеке коркунуч катары да карайт. Демек, менимче, ушунун баарын бириктиргенде, президент Зардаринин Ооганстан менен бул маселеде кызматташуу ниети чоң.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG