Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

«Азаттыктын» кабарчысын Тажикстанда токмоктоп кетишти


Абдумумин Шерхонов - «Азаттыктын» тажик редакциясынын кабарчысы жана «Пажвок» деп аталган гезиттин баш-редактору - шейшембиде Кулоб шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынган. Анын өзүнүн айтымында, жумушка бараткан жеринен үч адам аны жолдо токтотуп, тепкилей башташкан. Алардын бирөөсү өзүн Ички иштер министрлигинин өкүлү деп тааныштырыптыр. Шерхонов өзү муну анын журналисттик иши менен байланыштуу деп эсептээрин айтып жатат.

XS
SM
MD
LG