Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Т.Тургуналиев: Президенттин эмки кадамы – И.Чудиновдун өкмөтүн кетирүү


Мындай пикирин Кыргызстан Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев Медет Садыркуловдун кызматтан кетишине байланыштуу билдирди. Тургуналиевдин көз карашында администрация башчысын кызматтан алууга оппозициянын президентти бийликтен кетирүү талабы таасир этүүдө. Бийлигин сактап калуу үчүн президент өзгөртүүлөрдү жасап жатат. “Келерки кадамы - жакынкы айларда өкмөттү башкача түзөт. Чудиновдорду кетирет” деди Тургуналиев. Саясатчы ошондой эле кызматтан алынган Садыркуловдон эми мурда мойнуна тагылган 420 миң долларды үстөгү менен төлөтүү жана өзүн камап, соттотуу керек деп эсептейт.
Кошумчалап койчу жагы – мурдагы президент Аскар Акаевге мамлекетке таандык 420 миң доллар берилгендиги боюнча кылмыш иши козголуп, сотто Медет Садыркулов баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер акталышкан. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG