“Анткени система ошол бойдон калууда. Анын ордуна ким келбесин, бул система ишти алдыга жылдырганга мүмкүнчүлүк бербейт”, – деген пикирин билдирди "Азаттыкка" Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков. Канткен менен Исмаил Исаков БЭКтин мүчөлөрү – оппозиция лидерлери Медет Садыркуловдун кызматтан кетишин колдоо менен кабыл алышканын кошумчалады. (EK)