Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Хавиер Солана расмий Анкара менен сүйлөшүү жүргүзөт


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавиер Солана Газа тилкесиндеги жаңжал жана аймактагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түркияга иш сапары менен келди. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Солана президент Абдулла Гүл жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушмакчы. Түркияга барганга чейин Хавиер Солана Египет жана Израилде болду. Израилдин өнөктөшү деп эсептелген Түркия Газа тилкесиндеги Хамас тобуна каршы аскердик чабуул үчүн израил бийлигин кескин сынга алып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG