Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Ош шаарында “Долбоор” ишканасынын жанынан бомбага окшогон зат табылды


Бүгүн саат 10.00 чамасында белгисиз бирөө Ош шаардык милициясына чалып, «Долбоор» ишканасынын алдында кандайдыр бир жардыргыч зат жаткандыгын кабарлаган. Бул туурасында түштүк башкалаасынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү баян этти:

“Коргоо министрлигинен атайын саперлорду чакыртып келип текшерген учурда ал бомбага окшош муляж болуп чыкты. Муну кимдир бирөөлөр тамашалоо иретинде жасаса керек. Азыр эми милициянын, коопсуздук кызматынын биринчи эле милдети тамашага салган адамды аныктоо жана кармоо болуп саналат”.

Жергиликтүү эксперттердин пикиринде, бүгүнкү окуя милициянын профессионал эместигин айгинеледи. Ошол эле учурда арам ойлуу күчтөр укук коргоо органдарынын даярдыгын байкаштырып көрүү максатында ушундай актыларды жасашы ыктымал. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG