Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

М.Садыркуловдун кетиши менен ички саясатта өзгөрүүлөр болбойт


Мындай пикирин Копсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын багытын жалгыз гана президент аныктайт, ал эми администрациясынан бир кишинин кеткени ички саясатка таасирин тийгизе албайт. Болот Жанузаковдун белгилешинче, М.Садыркулов өз каалоосу менен кеттиби же бул кадамга барууга мажбурландыбы-бул сыр бойдон калат. “Садыркуловдун кызматтан кетишинин чыныгы себеби президент К.Бакиев менен өзү М.Садыркуловго гана белгилүү болсо керек”,- дейт Б.Жанузаков. Ошондой эле ал жакынкы арада мамлекеттик кызматтарда отургандардын арасында бир катар отставкалар болуу мүмкүндүгүн айтты. (MSu)

XS
SM
MD
LG