Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Бишкекте мектептерде кышкы эс алуулар узартылбайт


Бул тууралуу шаар мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгы билдирди. Буга чейин электр жарыгын үнөмдөө максатында электр кубаттуулугу менен жылыган мектептерде кышкы эс алуулар 28-февралга чейин узартылары кабарланган эле. Башкармалыктын маалымдашынча, учурда орто мектептер электр жарыгын пайдалануунун чегинен чыкпагандыгына байланыштуу мэрия жетекчилиги Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги менен электр кубаттуулугу менен жылыган мектептерде электр жарыгын өчүрбөө тууралуу оозеки макулдашты. Учурда шаар мэриясы министрликтен мындай оозеки макулдашуунун кагаз түрүндөгү расмий ырастоосун күтүүдө. Эгерде тиешелүү буйрукка кол коюлса, анда мектептерде окуу 12-январда башталат. Маалыматка караганда, Бишкекте электр кубаттуулугу менен 15 мектеп жылыйт, негизинен алар шаардын жаңы конуштарында жайгашкан. (MSu)

XS
SM
MD
LG