Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

А.Жекшенкулов: Садыркуловдун ордуна өз эрки жок адам келет


“Азаттыктын” таңкы маегинде Бириккен Элдик кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов бийликтеги кадрдык өзгөрүүлөр, оппозициянын иши тууралуу кеп салып берди. Анын айтымында, М. Садыркуловдун кызматтан кетишин бийликтин ыдыроосу башталды деп кароо керек. Анткени бийликтин ичинде ар кандай топтордун тирешүүлөрү күчөп, мындан ары дагы саясий абал, кадр маселелери курчуй баштайт.

“Азаттык”: - Аликбек мырза, Медет Садыркуловдун президенттик администрация башчысы кызматынан кетүүсүнүн себеби эмнеде деп ойлойсуз?

А.Жекшенкулов: - Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени ал өзүнүн максаттарын аткарды. Эң негизги маселеси шайлоолорду бурмалап, көп саясий-экономикалык маселелерди Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн пайдасына чечип бериш керек эле. Ошол маселелерди аткарды. Бүгүнкү күндө эми аларга башка киши керек.

“Азаттык”: - Садыркуловдун артынан вице-премьер-министр Элмира Ибраимова да арызын бергени кабарланды. Бул чечим бийликтеги командалар ортосундагы кагылышуулардан кабар берип тургандай. Мына ушул өңүттөн алганда “Ак жол” фракциясынын, партиянын ичинде кандайдыр бир ыдыроо башталышы ыктымалбы?

А.Жекшенкулов: - Дегеле бийликтин ыдыроосу башталды деп ойлоймун. Анткени бийликтин ичинде ар кандай топтор, регионалдык топтор мамлекетти, элди ойлобой эле жеке кызыкчылыктары, максаттары үчүн саясий-экономикалык күрөштү жүргүзүп жатышат. Ошонун айынан жеке нааразычылыктар күчөп, жеке тирешүүлөр көбөйүп, мындан ары дагы саясий абал, кадр маселелери курчуй баштайт.

“Азаттык”: - Фракция эмне болот?

А.Жекшенкулов: - Фракция эчтеке болбойт. Мурун Садыркулов менен иштегендер боегун алмаштырып, президент тарапка ыктайт болуш керек. Бирок ошол эле кезде алардын ичинде нааразычылык күчөй берет.

“Азаттык”: - Садыркуловдун ордуна кандай киши келет деп турасыз?

А.Жекшенкулов: - Эки вариант бар. Азыркы учурда жүрүп жаткан күч компонентин күчөтүлүп жатышына жараша күч органдардан бирөө келиши мүмкүн. Экинчи жактан, түндүк-түштүк маселеси курч бойдон турат, ошого жараша түндүк жактан коюлушу ыктымал. Бирок ал жеке ою жок, берилген буйрукту ойлонбой аткара берген адам болот.Өз эрки жок киши келет.

“Азаттык”: - Бириккен Элдик Кыймыл быйылкы жылдагы алгачкы жыйынын 8-январда өткөрдү. Анда кандай маселелер талкууланып, кандай максаттар аныкталды?

А.Жекшенкулов: - Кечээ биздин жыйын жакшы өттү. Биздин максаттар анык. Бийлик бизди ич ара бөлүп-жарууга аракет кылып жатат. Ошого карабастан дүйшөмбү күнү боло турган Улуттук кеңеште карала турган маселелерди аныктадык. Анда чч маселени талкуулайлы деп чечтик. Биринчиси, энергетикалык кризис,экинчи, саясий куугунтук жана үчүнчүсү январь-февралга айына иш пландарды аныктоо болду. Негизинен биздин ишибиз системалык түрдө жүрүп жатат.

“Азаттык”: - Энергетикатика демекчи, бул эми январь айында жыйынтыктала турган үч ири энергетикалык ишкананын сатылыш маселеси талкууланабы, же жалпы эле энергетикалык кырдаалбы?

А.Жекшенкулов: - Үч ири энергетикалык обьектини сатуу маселеси да каралат. Андан сырткары газ маселеси турат. Энергияга тарифтер көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө бийлик кыйынчылыктардын баарын элдин мойнуна жүктөп коюп, жарыкты өчүрүп коюп эле, башка бир чараларды көрө албай жатат. Ушул маселелер боюнча ой-пикирлерибизди айтып, билдирүүлөрдү жасайбыз.

“Азаттык”: - Кыймылдын ичинде бийлик уюштура турган шайлоолорго баруу-барбоо боюнча кызуу талкуу жүрүп жаткан. Ал боюнча орток пикир табылдыбы?

А.Жекшенкулов:
- Негизинен биз, бул маселе саясий кеңеште чечилиш керек деген жыйынтыкка келдик. Тагыраак айтканда, шайлоого баруу-барбоо маселесин саясий кеңеш чечүүгө тийиш.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG