Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

М.Кулешов айрым милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда


“Адам укуктарын коргоо боюнча Токмок ресурстук борборунун” жетекчиси Максим Кулешов кечээ Бишкек шаардык Биринчи май райондук прокуратурасына арыз менен кайрылып, шаардын Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде аны текшерип-тинтүүгө аракет кылган милиция кызматкерлеринин өздүгүн тактоону, жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн билдирүү таркатты. Укук коргоочунун айтымында, 29-декабрь күнү аны эки милиция кызматкери токтотуп, рейд жүрүп жатат деген шылтоо менен чөнтөктөрүн жана асынма баштыгын тинтүүгө аракет кылышкан. “Мен алардан документтерин көрсөтүүсүн, мыйзам боюнча милициялык учаскага алпарып текшерүүсүн талап кылдым. Бирок алар документтерин көрсөтүшкөн жок. Мындай окуялар бизде абдан көп. Эгер көңүл бурбай койсок мындан ары да жарандардын укутарын бузуу улана берет”,- дейт М.Кулешов. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG