Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34

7-январь: Тарых барактары


Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери 1993-жылдын 7-декабрында Кыргызстан калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен президентке кайрылышты.

Энесайлык кыргыздар Сибирдеги орус воеводалары менен алака куруу аракетин көздөп 1657-жылдын 7-январында Красноярскиге келишкен. Красноярск воеводасы М. Скрябиндин билдирүүсүнө караганда Кыргыз ээлигинин Алтыр аймагынан 4 адам келип, ага монголдордун тымызын аракети туурасында кабарлашкан. Кыргыздардын кабарлоосуна ылайык монгол Алтынханынын уулу Лоджан атасынын орустарга берген шерттин бузуп, Красноярск чебине кол салуу үчүн кам көрө баштаган.

Кыргызстанга совет бийлиги орногондон кийинки диний багыттагы биринчи пикир келишпестик 1928-жылдын 7-январында чыккан. Христиандардын 7-январдагы эски Рождество майрамы жумушчу күнгө туш келгенине карабастан, борбор шаардын дүкөндөрү иштебей кардарларга кызмат көрсөтүлбөй калган.

Диний көз караштагы конфликт маалымдоо каражаттарында чагылдырылып, «Сахар Сахарыч» деген псевдоним менен бир адам, «жумушчу күнү магазиндер иштебей Фрунзе шаары акылынан адашты» деген фельетон жарыялаган.

Таанымал сынчы Б. Медовойдун маалымдоо каражаттарында жарык көргөн сын макаласынан улам, маданият коомчулугу 1953-жылдын бул күндөрү Кыргызстанда жаңыдан жылдызы жанган таланттуу жаш калем туурасында кабар алган. Б. Медовой «Кыргызстан» адабият альманахынын кезектеги санын кескин сынга алган.

Сынчы альманахта жарык көргөн жалгыз гана Ч. Айтматовдун «Ашым» жана «Газетачы Дзюйо» аңгемеси купулга толо тургандыгын айрыкча белгилеген. Сынчы Б. Медовой студент Ч. Айтматов кыргыз адабиятындагы орус тилинде жазган биринчи кыргыз экендигин жана анын чыгармалары көркөм сөз менен келиштирилген ийкемдүү тилде жазылгандыгын баса көрсөткөн.

Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери 1993-жылдын 7-декабрында президент Аскар Акаевге Кыргызстан калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен кайрылышкан. Кайрылууда Кыргызстанда жашаган калктардын көйгөйүн курултайда талкуулап, этникалык топтор арасындагы ынтымак, ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленген.

Курултай өткөрүү демилгесине «Кыргызстан эли» уюмунун жетекчиси Т. Мүлкүбатов, «Астүрк» түрк ассоциасынын төрагасы М. Изаттов, «Чинсон» корейлер ассоциасынын төрагасы В. Цой, «Иттипак» уйгурлар ассоциасынын төрагасы Н. Кенжеев, «Орзу» өзбек ассоциасынын төрагасы И. Садыкбаев, дунган ассоциасынын төрагасы Ю. Дунларов, «Фольстрат» немец ассоциасынын төрагасы В. Диль, Славяндар фонддун төрагасы В. Вишневский, «Туган тел» татар-башкорт калкынын маданий борборунун төрагасы Э. Смагулин, еврейлердин «Менора» маданият комунун төрагасы А. Кацев, курддардын «Ныштиман» ассоциясынын төрагасы С. Касымовдор кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG