Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

8-январь: Тарых барактары


Генерал Кауфмандын жазалоочу отряды менен Исахасан уулу Пулат баштаган козголоңчулар 1875-жылдын 6-январында Анжыян алдында беттешкен. Айтылуу сүрөтчү В. Верещагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылы окуурмандардын колуна тийген.

Кокон хандыгынын 19-кылымдын экинчи жарымында Россия империясына таянып, калкты ченемсиз эзүүсү Исахасан уулу Пулат баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө кириптер кылган. Кокон ханы Насреддиндин өтүнүчү менен падышалык бийлик ханга жардам көрсөтүш максатында, генерал-губернатор Кауфман жетектеген 1400 жазалоочу аскер берген.

Жазалоочу отряд менен козголоңчулар ортосунда бир канча кан төгүлгөн кагылыш жүрүп, бирок орус аскерлери башында чечүүчү жеңишке жетише алган эмес. Каршылашкан тараптар 1875-жылдын 6-январында Анжыян алдында беттешип, козголоңчулар оор жеңилүүгө дуушар болушкан.

Чій суусу 1879-жылдын январь айында ташып, муз аралаш суу Токмок шаарын каптай баштаган. Бул күндөрү Токмоктун көчө, базарларын бир метр чамалуу муз каптап, шаар турмушу оордогон. Учурдан пайдаланган жергиликтүү бийлик, буга чейин Токмокто орун алган уезддик борборду 1878-жылы Пишпекке которуу чарасы өз маалында жасалгандыгын билдирүүгө ашыккан.

Айтылуу сүрөтчү В. Веращагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылдын бул күнү окуурмандын колуна тийген. В. Веращагиндин Кыргызстанды кыдыруу маалында тартылган «Бай кыргыз аңчы шумкар менен», «Кыргыз кыз», «Ысык көл жээги», «Барскоон капчыгайы» сыяктуу сүрөттөрү жыйнакка киргизилип, ал искусство күйөрмандарынын купулуна толгон.

«Атажурт» жана «Кыргызстан патриоттук» кыймылына кирген 40 чамалуу адам жана оппозициячыл саясий партиялардын лидерлери менен бир канча парламент депутаттары 2005-жылдын бул күнү Жогорку Кеңештин кашына пикеткы чыгышты. Пикетчилер «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр Роза Отунбаеванын укугун коргоп, аны парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоону талап кылышкан.

Президент Аскар Акаев 2005-жылкы парламенттик шайлоого утурлай, 8-январда Токмок шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчысы парламенттик жана президенттик шайлоону демократия талаптарына ылайык уюштурууга болгон шарттар жасалгандыгын билдирген.

Аны менен бирге Кыргызстандагы шайлоону Украина жана Грузиядагы «түстүү революция» өңүтүнө буруу аракети жасалып жатканын белгилеп, Саакашвили жетектеген Грузия бийлиги америкалык филантроп Ж. Соростон айлык алат деп «революциялык маанайдагы күчтөрдү» айыптаган.

Бул күнү 1208-жылы монгол өкүмдары Батый, 1587-жылы немец астроному күндөгү такты тапкан Йоханнес Фабрициус, 1812-жылы австриялык композитор Сигизмунд Тальберг, 1824-жылы англис жазуучусу Уильям Коллинз, 1891-жылы немец физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Вальтер Боте жарык дүйнөгө келсе, 1984-жылы драматург жана котормочу Касымбек Эшмамбетов жарык дүйнө менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG