Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Ош: Тоолуу аймактарда карышкырлардын саны үч эсе көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Бегиев маалымдады. Анын айтуусунда, акыркы кезде чөөлөрдүн саны да арбыгандыгы байкалат. Ушу күнгө дейре бул жырткычтар 71 кара малды, 41 жылкыны, 37 топозду, 347 кой-эчкини жеп кеткен. Ал эми адистердин эсебине кирбей калганы мындан да көп болушу мүмкүн.

Оштук талдоочу Эркин Абдыразаковдун ою боюнча, жырткычтарды атканга ок-дары жетиштүү, бирок уюштуруу иштери начар. Ошентсе да, карышкыр жана чөөлөрдү чекесинен кыруу туура эмес, анткенде санитардык милдетти аркалаган бул айбандар тукум курут болуп, жаратылыштын тең салмактуулугу бузулат. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG