Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Аптанын маданий окуялары


Белгилүү жазуучу Казат Акматовдун «Архат» романы англис тилинде жарыкка чыгаары күтүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, аталган чыгарманы британдык «Блейк Фридман» адабият жана телевидение агенттиги чыгарууга даяр экенин билдирген. Аталган агенттик Москвада өткөн эл аралык «Библиообраз-2007» фестивалында «Архат» романын басып чыгаруу укугун утуп алган. Буга чейин “Архат” романы орусчага которулуп, беш миң нускада Орусиянын мектептерине жана жогорку окуу жайларга таркатылган.

Бул жумада Калифорниянын Палм-Спрингс шаарында жыйырманчы эл аралык кинофестиваль ачылды. 19-январга чейин созулчу фестивалдын өзгөчөлүгү ага “Оскар” сыйлыгында “Мыкты чет элдик фильм” номинациясына ат салышкан тасмалар катышууда. Аталган фестивалда Кыргызстан, Франция жана Германия тарабынан тартылган “Теңир” тасмасы да сунушталат. Француз кинорежиссеру Марк де Поншевиль жараткан, экология, миграция маселесине арналган бул фильм Кыргызстандын Нарын облусунда тартылган. Маалыматтарга караганда, бул жылы форумдун программасында дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 210 тасма көрсөтүлөт.

Миландагы белгилүү Брера галлереясы бул жылы 200 жылдык мааракесин белгилейт. Андыктан 2009-жылы мааракеге арналып бир катар көргөзмөлөр, симпозиум жана башка маданий иш-чаралардын өтөөрү күтүлүүдө.

Орусияда “Орус кышы” аттуу салтка айланган фестиваль жыйынтыкталды. Фестивалдын финалдык концертинде белгилүү пианист Борис Березовский өнөрүн тартуулаган. Учурда Брюселде жашап жаткан белгилүү пианисттин билдиргенине караганда, анын 2012-жылга чейинки кое турган концерттеринин тизмеси түзүлүп калган. Ага ылайык келерки концерти Бельгиядагы улуттук оркестрдин коштоосунда өтмөкчү.

Америкалык киносынчылар 2008-жылдагы мыкты тасмаларды аташты. Чыгарылган жыйынтыкка караганда Голливуд сынчылар ассоцияциясынын сынына “Чытырмандагы миллионер” тасмасы толуп, сынактын башкы байгеси - “Сынчылардын тандоосу” сыйлыгы ыйгарылган.

Москвада бул жумада “Камералык музыканын фестивалы” ачылды. Борбордогу консерваториянын Рахманинов залында өткөн “Кайрылуу” аттуу фестивалга алгач Орусияда билим алып, андан соң дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө улантышкан музыканттар чогулушту.

Дүйнөлүк опера сахнасын багындырышкан ырчылар Любовь Казарновская жана Карина Сербина кино дүйнөсүнө аралашууну чечишкен. Алгач алар “Уйкудагы сулуу” мультфилиминде өнөрлөрүн тартуулашып, өздөрүн сынап көрүшкөн.

XS
SM
MD
LG