Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Комментарий: Иран бийлиги кимдерден көбүрөөк кооптонот?


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад

Ирандын тышкы саясаты тууралуу сөз болгондо биринчи кезекте президент Махмуд Ахмадинежаддын ашкере фундаменталисттик маанайдагы опурулуп-жапырылган сөздөрү ойго келет. Бирок расмий Тегерандын тышкы саясатынын коомчулукка кеңири айтылбаган өзгөчө мүдөөсү – Иран оппозиция күчтөрүн Батыштын “кара тизмесине” киргизүү аракети. Бул тууралуу Лондондогу Иран боюнча адис Хамид Иранинин баяндамасында айтылат.

Евробиримдиктин аткаминерлери расмий Тегерандын талабы менен Ирандын Элдик Можахеддин уюмун 2002-жылы террордук уюм катары жарыялаганын эч жаап-жашырбайт. Өткөн жылы октябрда "Wall Street Journal" кабарлаганга караганда, Элдик Можахеддин уюмун Европа тарабынан террордук уюм катары “кара тизмеге” киргиздирүү - Иран өкмөтүнүн дипломатиялык өзгөчө мүдөөсү болгон.

Британ парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин 2008-жылы мартта жарыяланган билдирүүсүндө “2007-жылы ноябрда Иранга иш сапары менен барган парламент мүчөлөрү расмий Тегерандын Элдик Можахеддин уюмунун маселесин улам-улам козгогонуна таң калганы” айтылат.

Ушундан улам бир суроо пайда болот: Ахмадинежаддын режими Элдик Можахеддин уюмунан кооптонобу?

Элдик Можахеддин уюму – Ирандын азыркы режимине, өлкөдөгү айатолланын бийлигине каршы чыккан уюмдардын ичинен мыкты уюшулганы менен айырмаланат. Ушул тапта бул уюмдун төрт миңге чукул мүчөсү Ирактын Ашраф лагеринде баш калкалап келет. Алардын арасында аялдар жана балдар бар. Акыркы отуз жыл ичинде Тегерандын буйругу менен бул топтун 120 миңдей мүчөсү өлтүрүлгөн.

Бирок мындай куугунтуктоолорго карабастан, бул топ ушул күндөрү дагы расмий Тегеранга олуттуу коркунуч жаратып келет. 2002-жылы дал ушул уюм Иран өзөктүк курал өндүрүп жатканын ачыкка чыгарган. Бул билдирүүдөн улам Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чектөөлөрдү киргизип, Иран бийлиги эл аралык коомчулуктан обочодо калган.

Өлкө ичинде уюмдун мүчөлөрү жогорку окуу жайлардын студенттик шаарчаларында бийликке каршы митингдерди өткөрүүдө өз салымын кошуп келет. Ирандын өкмөттүк басма сөз каражаттарынын кабарлоосуна караганда, ноябрда Тегерандын түндүгүндө бул уюмду колдоого чакырган смс кабарларды мобилдик телефон аркылуу жиберген деген айып менен 20 киши камакка алынган.

Элдик Можахеддин уюму Парижде бозгунчулукта иштеп жаткан парламент катары таанымал Ирандык Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын Улуттук Кеңешинин курамына да кирет. Улуттук Кеңеш чет өлкөлүктөрдүн Ирандын ички ишине кийлигишүүсүнө караманча-каршы турат. Анын башкы мүдөөсү – ирандыктардын өздөрүнүн ички каршылык көрсөтүүсү аркылуу бийликти өзгөртүү.

Аталган кеңештин президенти Мариям Ражави айым Европа өлкөлөрүн Ахмадинежаддын режимине ар тараптуу чектөөлөрдү киргизүүгө ынандыра алды.

Ошол эле учурда, Ражави айым Евробиримдик жана АКШнын бийлигин Элдик Можахеддин уюмун “кара тизмеден” чыгарууга көндүрүү үчүн алпурушуп келет. Бул топ террордук уюм катары Евробиримдиктин тизмесине 2002-жылы киргизилген.

2006-жылы Европа сотунун Биринчи баскычтагы соту күтүүсүз түрдө чечим чыгарып, Элдик Можахеддин уюмун Евробиримдиктин “кара тизмесине” кошуу бүтүмүн жокко чыгарган. Бир жыл өткөндөн кийин Британиянын Жогорку соту уюмду “террорчу” деп атоо туура эмес чечим болгон деген бүтүмүн жарыялаган.

Мындай кадамдарга карабастан, Франциянын өкмөтүнүн суранычына ылайык, Европа Биримдигинин Министрлер Кеңеши Элдик Можахеддин уюмуна тыйууну дагы эле сактап келүүдө. Ал эми Европа сотунун Биринчи баскычтагы соту болсо декабрдагы отурумунда алиги ирандык оппозициячыл кыймылга карата тыйууну алып салуу тууралуу үчүнчү ирет чечим чыгарды.

Евробиримдиктин аткаруу бийлиги эми январь айынын соңуна чейин бул соттордун чечимине карата өз мамилесин билдирүүсү күтүлөт. Элдик Можахеддин уюмуна тыйууну алып салуу маселеси АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын өкмөтүнүн алдында да турат.

Эгерде бул уюм Евробиримдик жана АКШ тарабынан террорчу эмес уюм деп табылса, анда бул – Батыштын көзүн будамайлаган ирандык молдолордун режиминин суранычынан улам кубаттуу оппозициялык топтун Батыштагы ишмердүүлүгү аксап жаткан кырдаал артта калып, иран элинде үмүт оту жанмак деп белгилейт өз баяндамасында Хамид Ирани.

Бул сереп Хамид Иранинин жеке көз карашын туюндурат жана сөзсүз эле “Азаттыктын” пикирин чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG