Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча эл жазуучусу, белгилүү драматург Бексултан Жакиев “Азаттыктын” толкунунда ой бөлүштү.

- Бийлик улуу жазуучунун ысмын Эмен багына, Орус драма театырына берүү менен азырынча чектелип турат?

- Бул эле боюнча болгондо өтө бөксө болуп калат да, анткени Чыкебиздин дүнүйөлүк атагы, даңкы, баркына тете ат коюлуш керкек эле. Бул жөнүндө октябрь айынын аяк ченинде маданият министрлигине 20-30 ишмерлер чогугуп, сунушубузду айтканбыз. Ошол сунуштардын бири - Акаев китепканасы деп аталган имарат Жогорку Соттун өкүмү менен башы ачылып, өкмөттүн карамагына берилген экен. Ошол китепкананы “Айтматов-Рух” борбору деп койсо абдан туура болмок эле. Бул жерде жеке эле Чыкебиздин чыгармалары, иштери кирбестен, бүт кыргыздын тарыхы, маданияты, этографиясы дегендей көп нерсени камтып калмак.

Андан тышкаары дагы бир сунуштар болгон, тоонун, чокунун атын коюлу деп. Анда Таласта бир тоо бар экен деп айтылган бир тоонун аты Манас, бирөөнөн аты жок экен деп. Ал туура эмес. Илгертен бери мурунку Ленинполь азыркы Бакай-Ата районунун тушу ченинде эки чоку бар: Манас-Ата, Бакай-Ата деген. Бакай-Атанын атынан район да коюлган, анан Бакай атаны алып туруп, Айтматов деп койсок, Чыкемдин арбагы аны кабыл алышы мүмкүн эмес. Ошондон улам мындай бир сунуш айтылды эле, Коммунизм чокусу деген бар. Ушуну Айтматов деп койсок туптуура болот эле. Анан Манас проспектисинин уландысы - Тынчтык проспектиси менен Чыкемдин өзүнүн үйүнүн жанындагы паркты кошо атап койсо дагы абдан туура болот эле.

- Чүй проспектисинин ордуна бул жагынан ушинтип маселени чечсе болот десеңиз...

- Ооба, ушундай болсо туура болоор эле. Себеби Манас менен Чыкемдин бирге, жанаша турганы абдан туптуура болоор эле. Чыкем Манасты дүнүйө жүзүнө таратты, жайылтты, айтты, маанисин түшүндүрдү. Манасты окубагандарга Манас Чыкемдин сөздөрү аркылуу, түшүндүрмөлөрү аркылуу жетти.

- Бексултан агай, мына Чынгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу үчүн атайын аянт тандалып жатат деп айтылган эле. Эстелик кайсыл аянтка коюлуш керек?

- Эми муну жакшылып туруп ойлонуш керек. Көрүнүктүү, дандуу жерге, таамай жерге коюлуш керек, жакшылап акылдашып туруп, чолок чечпеш керек. 12-декабрда Чыкемдин туулган күнүндө мамлекеттик катчыбыз атын түбөлүк кою жөнүндө указды окуганда айтты, “Бул башталышы эле мындан кийин дагы болот”, - деп. Кээ бир сөздөр болуп жүрбөйбү мектептердин аттарын, көчөлөрдүн аттарын коёбуз дегендей. Антип жайнатпай, баркын кетирбей Чыкемдин дүйнөлүк атына тете иш кылсак жакшы болоор эле бул маселеде. Башка элдер ойлойт да, кыргыздар эмне өзүнүн атактуу инсандарын баалай албаган элби, ичи тарбы деген ойлор калат да.

- Дагы бир маселе, Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдук жыйнагын менчик “Бийиктик” басмасы чыгарды. Мамлекет аны колго алган жок. Мамлекет муну колго алып, өзгөчө бир чыгармаларын жакшылап чыгарса болот эле да.

- Албетте, Чыкемдин башка мурастары дагы, жазма мурастары дагы жатат. Алардын баардыгын чыгарыш керек. Мамлекет колго алып, чыккан китептерди бардык жерге таратып, жеткидей кылыш керек. Азыр китептер жетпей жатат, окулбай жатат. Китеп колго тийбегенден кийин окулбайт экен. Анан китеп окулбаган соң салтыбыз, адатыбыз дагы унутулуп баратат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG