Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Жашылдар партиясына карата кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура Жашылдар партиясы президентти келекеледи деген доо менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бүгүн сот аталган партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен жабык сүйлөшүү жүргүздү. Анын соңунда партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев баш прокурордун арызынын негизинде Кылмыш кодексиндеги128-берененин ( Шылдыңдоо ) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” билдирди. Бул ишти кароону сот 16-январга белгиледи. Башкы прокуратура өткөн жылы 13-декабрда “Жашылдар” партиясынын кеңсесин тинтүүдө президенттин сүрөтү тартылган плакаттар табылганын жана анда шылдыңдаган сөздөр бар экенин маалымдаган. Аталган партиянын өкүлдөрү бул жерде эч кандай шылдыңдоо жок экенин айтышып, муну саясий тапшырма деп эсептешүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG