Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Кыргыз тилинин орфографиясынын аткарылышына байланыштуу буйрук чыкты


Премьер-министр Игорь Чудинов парламенттин “ Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын 2002-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына кыргыз тилинин жаңы орфографиясын өзүнчө басып чыгарууну уюштуруу жана аны менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү коруна каралаган каражаттардын алкагында өлкө аймагындагы бардык мамлекеттик мекемелерди камсыз кылуу сунуш кылынды. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер тарабынан басылып чыккан окуу китептеринин жана башка басма продукциясынын текстеринин мазмуунун кыргыз тилинин орфографиясына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык келтирүү сунушталды. Билим берүү жана илим министрлигине болсо кыргыз тилинин жаңы орфографиясын республиканын бардык билим берүү мекемелеринде ишке киргизүүнү турмушка ашыруу тапшырылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2009-2010-жылдар аралыгында Республикадагы калк жашаган конуштардын, жерлердин жана дарыялардын аталыштарынын көрсөткүчтөрүн кыргыз тилинин жаңы орфографиясына ылайык келтирүү тапшырылды. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн аталыштарын кыргыз тилинин орфографиясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ылайык келтирүү, буйруктун аткарылышында тиешелүү аймакта жайгашкан бардык мекемелерге жана уюмдарга жардам көрсөтүү тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. (AJ)

XS
SM
MD
LG