Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

К.Сарымсаков: “Жашылдарга” кылмыш ишин козгоо - саясий кысым


Бүгүн Биринчи май райондук соту “Жашылдар” партиясына карата Башкы прокуратынын “президенттин аброюна шек келтирди” деген арызын канаттандырды. “Жашылдар” партиясына Кылмыш кодексинин 128 –беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, ал 16-январда каралмай болду. Партиянын жаштар канатынын лидери Каныбек Сарымсаковдун билдиришинче, президентке карата тартылган сүрөттөргө шылтап “Жашылдарга” кылмыш ишин козгоо - саясий кысым. Эске салсак, 13-декабрда аталган партиянын иш кеңсесинде тартип коргоо органдары тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн. Партия өкүлдөрү муну партиянын кеңсесинде Революциялык кыймылдын штабы жайгашкандыгы менен байланыштырып келет. Буга чейин Кыргызстанда президентке карата тартылган азил-сүрөттөр үчүн Административдик кодекс аркылуу гана чаралар көрүлүп келген. (EK)

XS
SM
MD
LG