Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Өткөн жумада президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов кызматтан кетти. Жаратылыш газынын акысы 80 пайызга кымбаттады. Кыргыз өкмөтү макроэкономика, банк системасында туруктуулукту, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, муктаждарды даректүү колдоо жана экономикалык өсүштү сактоо жаңы жылдагы негизги максаттары экенин жар салды.

Саргара жорткон Садыркулов каягынан кызара бөртөт?..

Медет Садыркулов 2007-жылы 16-апрелде президенттик администрация башчысы кызматына келген. Бул мезгилде Бишкекте Феликс Кулов уюштурган Бириккен Элдик Фронттун нааразылык акциясы жүрүп, анын натыйжасында жогорку бийликте бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Маселен, премьер-министрлик кызматка оппозиция өкүлү Алмазбек Атамбаев келип, Мыктыбек Абдылдаев президенттик администрация жетекчиси кызматынан кетип, анын ордуна Садыркулов келген.

Медет Садыркулов президенттик администрацияны башына келгенден кийин өлкөдө эки ири саясий иш чара өткөрүлдү. Анын бири Конституциялык реформанын ишке ашырылышы, экинчиси партиялык тизме менен парламент шайланып, оппозиция сыртка сүрүлүп салынышы болду.

Садыркулов саясий күрөштө оппозиция өкүлдөрүн мүмкүн болушунча бийликке тартып, мына ошону менен бир ок менен эки коен
атып келди.Бул тактика бир жагынан оппозицияны ыдыратса, экинчи жактан нааразылык потенциалдардын азайышына шарт түздү.

Президенттик администрация башчысы кызматынан кетүүсүн Медет Садыркулов өз миссиясынын аткарып бүтүшү менен байланыштырды. Ал кандай миссия эле деген суроого Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири-бири Иса Өмүркулов мындай пикирин билдирди:

-Миссиясы эми кырдаалды жөнгөрүү болду окшойт. Кийинки апрелдеги митингдер, Эшимкановдун, Карабековдун (бийликке) барышы, “Ак жол” партиясынын бир тобу “Менин өлкөмдөн” келген депутаттардын болушу, мына ошолордун баарын алып келдим, митингдерди бүтүрдүм, Жогорку Кеңешке, шаардык кеңешке шайлоону өткөрдүм, ушуну менен миссиямды аткардым. Мындан ары канчалык болуш керек дегендей болду окшойт.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдун пикиринде, Садыркуловдун өз миссиямды аткардым дегени бул оппозицияны жеңдим дегени:

- Эми миссияны аткардым дегени оппозицияны жеңүү боюнча айтып жатат го. Билесиңер да, 2007-жылдары аябай чоң нааразылык акциялар болгон. Ошондой мезгилде эки жыл иштеп, натыйжада саясий туруктуулук орноду деп жатат го. Мына ошол мезгилден кийин бийликтин оппоненттери да алсырады. Ушуларды жыйынтыктап айтканда, оппозицияны жеңди деген келип чыгып жатат.

Бирок Медет Садыркулов Ак үйдөгү топтордун кармашында аягында жеңилди деген пикирлер жок эмес.

Ак үйгө жакын адамдардын айтуусу боюнча, акыркы эки жылдын ичинде Медет Садыркулов, Максим Бакиевдин тобу үстөмдүк кылып,
алар президенттин колдоосуна ээ болуп турган. Ал эми кайсы бир деңгээлде пикирлеш болгон Үсөн Сыдыков, Жаныш Бакиев, Адахан Мадумаров негизги оюн талаасынан четтетилип калган. Бул экинчи топтун Садыркуловго каршы күрөштө акыр аягында жеңишке жетишүүсүнө президенттик шайлоонун жакындашы өз салымын кошту деген пикирлер айтылууда.

Эгерде энергетикалык кризис болбосо, экономикада өнүгүү көзгө көрүнөрлүк болсо, анда Максим Бакиев менен Садыркуловдун тобу жакындап келаткан президенттик шайлоого карабай ат үстүндө кала бермек. Медет Садыркуловдун кызматтан баш тартуусуна аны менен кезинде айгышып кармашкан, эл ичинде “бригада” деп аталган топтун четтен жогорку кызматтарга келиши да түрткү берди окшойт...

Администрация башчысына ким келет?

Медет Садыркуловдун тушунда президенттик администрация башчысы кызматы өзгөчө таасирлүү күчкө айланган. Мына ошол калыптанып калган түшүнүккө жараша "президенттик администрация башчысына ким келет?" - деген маселе чоң талкууларды жаратып жатат. Бийликке жакын адамдар бул кызматка Казакстандагы Кыргызстан элчиси Жаныш Рустанбековдун, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Турсун Турдумамбетовдун, социалдык фонддун төрагасы Марат Султановдун, же коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун келиш ыктымалдыгын атоодо.

Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов президенттик администрация башына жаңы адамды дайындоодо эки вариант эске алынат деген пикирде:

- Эми вариант бар. Бийлик күч компонентин күчөтүп жатышына жараша күч органдардан бирөө келиши мүмкүн. Экинчи жагы, өзүңөр билесиңер түндүк-түштүк маселеси бүгүнкү күнү курч, ошондуктан түндүк жактан коюлушу мүмкүн. Мындай максатта адам коюлса, ал өз ою жок, президент жакты карап турган гана адам болот.

Жаңы администрация башчысы менен бийлик 2010-жылдагы президенттик шайлоого катуулап киришүүсү күтүлүүдө. Мындай ойго президенттин катчылыгы түзүлүп, анын башына Оксана Малеванаянын келиши да түрткү берип турат. Малеваная жетектеген катчылыкка президенттин ишмердүүлүгүн чагылдырууну жакшыртуу милдети жүктөлүүдө. Мындай шартта президенттин басма сөз кызматы кандай иш аткарып калары түшүнүксүз болуп турат.

Газга баа асмандады...

Күтүлгөндөй эле быйылкы жылы газга баа кымбаттады. Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстандан миң куб метр газды 145 доллардан
сатып алып жатса, быйылкы жылдан баштап 240 доллардан сатып ала баштады. Бул өз кезегинде Кыргызстан ичиндеги керектөөчүлөргө газдын баасынын 80% кымбаттоосуна алып келди. Эгерде өткөн жылы кыргыз керектөөчүлөрү бир куб метр газга 7 сом 50 тыйындан төлөп келсе, быйыл 13 сом 52 тыйындан төлөй баштайт. Газдын кымбатташына жараша аны керектөө да азайды. Эгерде өткөн жылы Кыргызстан 850 миллион куб метр газ сатып алууга келишим түзсө, быйыл 650 миллион куб метр гана сатып алмакчы. “Кыргызгаздын” жетекчилигинин маалыматы боюнча, газдын кымбатташынан Токмок айнек, Кант цемент, Майлуу-Суу электр лампа заводдору ишин токтотту. Бул газды аз пайдаланууга алып келет.

Мурунку айыл чарба министри, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, газга баанын көтөрүлүшү инфляциянын, баалардын өсүшүнө алып келет. Калктын турмушу ого бетер оорлойт.

Ал эми өкмөт газ менен иштеген ишканаларга жардам бере албайт:

- Өкмөттүн колунан келсе жардам берсе болмок. Бирок чындап келгенде өкмөттүн колунан жардам бериш келбейт. Анткени өкмөттө акча жок. Бул эми болоор иш болду дегендей сөз, - деген Акенеев өкмөт газга бааны 140 долларда кармап туруу үчүн күрөш жүргүзүп, сууну пайдаланыш керек эле деген пикирин кошумчалады:

-Өкмөт муну суу менен байланыштырыш керек. Биз мындан эки ай мурун Алма-Атада болгон бир жыйында суу беребиз деп келишимге кол коюп бергенбиз. А чындыгында суу менен газдын түздөз-түз байланышы бар. Биз сууну Токтогул суу сактагычына топтоп, кийин өзүбүз колдонуштун ордуна өзбек туугандарга беребиз деп, андай келишимге бардык. Мындай шартта биз сууну электр энергиясы менен эсептеп жатабыз. Менин оюмча, биз сууну түздөн-түз товар катары эсептеп, газга байлашыбыз керек.

Өзбекстан Кыргызстанга быйылкы жылы кошумча 150 миллион куб метр газ берүүгө макулдук берген. Бирок газдын баасы кымбат болгондуктан Кыргызстан аны сатып алуудан баш тартууда.

“Кыргызгаздын” башчысынын орун басары Кубан Мырзаканов:

- Ал газдан Бишкек жылуулук борбору баш тартып жатат. Анткени кара май жаккан ыңгайлуу болуп жатат. Мунайга баасы түшкөндөн кийин кара май сатып алып жагып жатат. Газга караганда кара май арзан болууда.

Өкмөттүн быйыл алдына койгон маселелери

Быйылкы жылы өкмөт алдына беш максат коюп жатат. Премьер-министр Игорь Чудиновдун сөзүнө караганда, ал макроэкономикалык, банк системасында туруктуулукту, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, муктаждарды даректүү колдоо жана экономикалык өсүштү сактоо.

Энергетикалык кризис жана газга баанын көтөрүлүшү учурунда экономикалык өсүштү камсыздоо мүмкүн эмес деп эсептейт экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев:

-Эч качан ал ишке ашпайт. Газдын баасы тигинтип көтөрүлүп жатса. Анткени газды баары пайдаланат. Мамлекет, эл, кичи, чоң ишканалар баары пайдаланат. Өсүш сом түрүндө болушу мүмкүн. Бул деген буюмдун баасы көтөрүлөт, тейлөө баасы көтөрүлөт, башканын баасы көтөрүлөт дагы акчалай суммага гана өсүш болот. Ал эми негизи факты жүзүндөгү өсүш болбойт.

Акенеев өткөн жылы 7% тегерегинде өсүш болду деген өкмөттүн маалыматын да четке кагып, иш жүзүндө, продукция өндүрүүдө өсүш болбогонун, ага энергетикалык кризис, чакан ишканалардын андан жабыркашы себеп болгонун белгиледи.






  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG