Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Конституциялык сот Турсунбай Бакир уулунун арызын карайт


Бул тууралуу билдирген экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, анын талабы менен Конституцялык сот ишти 15-январга жылдырды. “Анткени соттук териштирүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы же анын үч орун басары, депутат Искак Масалиев баш болгон тынч митинг, жүрүштөргө чектөө салган мыйзамдардын автолору келип катышуусу керек. Экинчиден “Эрк” партиясынын 16-декабрдан баштап жер-жерлерде митинг өткөрөлүк деген өтүнүчтөрүнө жергиликтүү администрациялардын уруксат бербей койгон чечимдерин дагы сотко сунуштоо зарылдыгы келип чыкты”,-дейт Турсунбай Бакир уулу. Өткөн жылы сентябрь айында Турсунбай Бакир уулу “тынч митинг, жүрүштөрдү өткөрүү жөнүндө кабыл алынган мыйзам Конституцияга карама каршы келет”, - деген арызды Конституциялык сотко жолдоп, аталган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG