Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда ВИЧ/СПИД илдети 2007-жылга салыштырмалуу өткөн жылдын 10 айында 1,5 эсеге көбөйгөн. Ал эми 2008-жылы сасык тумоо менен ооругандардын саны 2,1 эсеге өскөн. Ич келте менен ооругандар 17,8 пайызга көбөйсө, ичеги оорулары менен ооругандар 29,2 пайызга, гепатит менен ооругандардын саны 4,1 пайызга көбөйгөн. (AJ)