Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Киев газ транзитине байкоо салуу келишимине кол койду


Украин өкмөт башчысы Юлия Тимошенко жана Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек, 11Jan2009

Украин өкмөт башчысы Юлия Тимошенко жана Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек, 11Jan2009

Украина, Россия жана Еврошаркет орус газын Европага жеткирүүгө жол ача турган мониторинг тууралуу келишимге жетишти. Ишембиде сөз болгон макулдашууга орус тарап кол койгондон кийин Европа биримдигинин учурдагы төрагасы, Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек кайрадан Киевге жол тарткан.

Документке ылайык, Украина аркылуу өткөн газдын толугу менен Европага жеткирилишин көзмөлдөө үчүн шаркеттин тобу Россия менен Украинанын чегарасына жайгаштырылмакчы. Москва Украина транзит газды уурдап жатат деп айыптап келсе, Киев андай ырастоолорду четке кагууда.

Орус премьер-министри Владимир Путин Украина келишимге кол коюп, байкоочулар куурларга бараары менен газ кайрадан европалык кардарларга бериле баштайт деп ишембиде билдирген. Тополанек Киевде ишендиргендей, мониторинг тобу 1-2 күндүн ичинде жеринде болушат:

- Орус федерациясынын газды бере башташы үчүн Украина бардыгын жасады.

Европага экспорттолгон орус газынын 80 проценти Украина аркылуу өтөт. Көгүлтүр газдын ташылышы эки өлкөнүн газдын баасы боюнча талашынан улам үзгүлтүккө учураган.

Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенконун айтымында, келишимге кол коюу менен Киев Еврошаркет үчүн ишеничтүү шерик экенин далилдеди:

- Биз бүгүн протоколго кол койдук. Эми эч ким Украинага арыздана албайт. Украина Евробиримдикке газ жеткирүүдө Россияга тоскоолдук болуп жатат деп эч ким айта албайт.

Бирок бул макулдашуу Украинанын өзүнүн газ маселесин чечпейт. Эки өлкөнүн ансыз да салкын мамилелери газ талашынан кийин ого бетер начарлады.

Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы Украинага сатылган газдын баасын быйылтан тартып кымбаттаткан. Киев орустар койгон баа адилетсиз деп эсептейт.

Украинын Нафтогаз компаниясынын аткаруучу директору Олех Дубинанын ырастоосунда, Газпром 1 миң куб метр газ үчүн 450 доллар талап кылууда. Газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн ишемби күнкү айлампасында да мунаса табылган жок.

Нафтогаз 201 долларга макул болгон. 2008-жылы Россия газды Украинага 179,50 долларга сатчу.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG