Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

БЭК бет алган багытында баратат


БЭК 2008-жылдын 26-декабрда түзүлгөн.
БЭК 2008-жылдын 26-декабрда түзүлгөн.

Бүгүн “Бириккен элдик кыймылдын” Улуттук кеңешинин алгачкы жыйыны өтөт. Оппозициянын бул жыйынында каржы жана энергетика каатчылыгы, сатыкка коюлуп жаткан мамлекеттин стратегиялык тармактарын сактап калуу маселелери, дегеле жалпы саясий-социалдык кырдаал талкууланат.

Улуттук кеңештин бүгүн өтө турган алгачкы жыйыны кеңештин курамын бекитүү жана ага жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен башталат. Жыйында каралчу маселелер тууралуу “Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариев “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Жалпысынан үч маселе каралат. Биринчиси- кеңешке мүчөлөрдү кабыл алуу, экинчиси - өлкөдөгү ахыбал, анын ичинде социалдык, экономикалык кырдаал. Энергетика тармагында түзүлгөн абал тууралуу да сөз болот. Үчүнчүсү-БЭКтин январь,февраль жана март айларына иш аракеттери, пландары бекитилет.

Учурда Улуттук кеңештин курамында 50дөн ашуун мүчө бар. Кыймылдын жобосуна ылайык, кеңешке ар бир партиядан, кыймылдан үчтөн, ал эми башка уюмдардан бирден өкүл мүчө болуп кире алышат. Т.Сариев Улуттук кеңеш сырттан келген мүчөлөр менен кеңейет деген үмүтүн билдирди.

Оппозициялык төрт кыймыл жана жети партия курамына кирген “Бириккен элдик кыймылдын” негизги максаттары азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирип, өлкөдө элдин кызыкчылыгын көздөгөн реформа жүргүзүү болуп саналат.

Анткен менен айрым талдоочулар азыркы оппозициянын катарында бийлик жана кызмат талашкан адамдар экенин айтышууда. “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков оппозиция биригип, “Бириккен элдик кыймыл” түзүлгөнү менен алардын ичинде чыныгы ынтымак, биримдик жок деген көз карашта:

-Буларга папка берсе эле, ошол папканы талашып, кайрадан чачырап кетишет. Ошону үчүн бүгүнкү күндө оппозициябыз алсыз, даяр эмес.

“Ак жолчу” депутат Б. Абдрасаков ошондой эле учурда элдин оппозицияга ишеними төмөн болгондуктан, алардын аракеттери көпчүлүктүн колдоосуна ээ болоору күмөндүү экенин кошумчалады.

“Ар-намыс” партиясынын түштүк боюнча координатору Бөдөш Мамырова да оппозиция бирикти деген пикирлерден алыс экенин айтат. Анткени, - дейт Бөдөш Мамырова, - учурда оппозицияда жүрүп деле кыймылга мүчө болуп кирбеген инсандар, партиялар жана уюмдар арбын:

- Бул кыймыл чыныгы оппозициямын деген адамдардын курамынан түзүлдү деп айта албайм. Бул кыймылга жалаң оппозициялык уюмдар кирди дегенден алыс болушубуз керек. Көңүлү жакын, убактылуу же болбосо кыска мөөнөттүн ичинде бири- бири менен тил табышкан адамдардын гана уюму болуп калды. Бирок ошол эле учурда оппозиция жөндөн жок бириккен жок да. Бийликтин саясаты, учурдагы абал ошондой кадамга барууга себепкер болуп жатат.

Ошентсе да бийликтин бир адамдын колуна өтүшүнө каршы, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатат деп, БЭКтин багытын колдогондор да жок эмес. Мурдагы премьер-министр, “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиевдин баамында, бийликтин үч жылдан берки куру убадаларына ишенип келген эл эми кыйынчылыктарга кабылып, нааразылык барган сайын күч алууда:

- Реформа керек, бийликтин таразасын өзгөртүп, бир адамга бийлик бербеш керек деп жатышат. Мен оппозициянын мындай багытын колдойм. Ал эми оппозиция кызмат талашып жатат деген бул өтө примитивдүү түшүнүк. Мындай ойдон алыс болуп, жарандардын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон максаттар болушу керек.

БЭК 2008-жылы 26-декабрда түзүлгөн. Улуттук кеңеш Бириккен элдик кыймылдын саясий органы, ал эми кыймылдын лидерлеринен турган саясий бюро кыймылдын аткаруучу органы болуп саналат.


XS
SM
MD
LG