Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Газа тилкесинде Израиль армиясы менен Хамас согушкерлери ортосундагы салгылашуулар уланууда


Тель-Авив болсо урушка чекит коюу үчүн дипломатиялык жолдорду караштырып жатканын билдирүүдө. Коргоо министри Эхуд Барактын айтымында, мындай аракеттерде эч кандай карама каршылык жок. Барактын кеңешчиси Амос Гиладдын Египеттин тынчтык долбоорун талкуулоо үчүн Каирге бараары кабарланууда.

Бул аралыкта Беит Лахья деген жерде бүгүн кеминде 5 палестиналык жөөттөрдүн соккусунан каза тапты. Палестиналыктардын ырастоосунда, декабрдын аягынан бери 800дөн ашуун адам набыт болду. Кечээ Израилдин учактары Газага баракчаларды ыргытып, Хамастын ракета атууларын токтотуу үчүн топко каршы аскерий операция күчөтүлө турганын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG