Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Алтайда кыйраган тик учак жети кишини жалмап кетти


Алтайда кыйраган Ми-8 тибиндеги тик учма ичинде анын үч айдоочусу жана 8 жүргүнчү болгон. 9-январда байланыш үзүлгөндөн тарта аны издөө уланып, акыры ал кыйрап жаткан жеринен таап алышкан.

Алтай жумуриятынын президенти Александр Бердников ал кырсыктан 7 киши курман болуп, 4 киши жардар болушканын билдирген. Жүргүнчүлөр арасында жогорку даражалуу кызматкерлер болушканы дайын болот. Кайсы бир булактар жазганга караганда алар тоодон теке, карышкыр аткыш үчүн ууга чыгышкан.

Өлгөндөрдүн арасында Орусиялык президенттин Мамдумадагы өкүлү Александр Косопкин бар экенин агенттиктер тастыкташты. Аны коштоп жүргөн алтайлык өкүмөт төрагасынын орун басары Анатолий Банных тирүү калган.

Анализчилер арасында кепте кийинки учурда Ми-8 тик учмасы кимди гана жайлабаганын айтышат. 2000-жылы 2-июнда айтылуу көз доктуру Святослав Федоровду, аны менен кошо Тамбовдон учуп келаткан 4 кишини ара жолдо кыйраган тик учак ала кетти дешет.

2002-жылы 28-апрелде Ми-8 учагы Красноярский крайынын губернатору Александр Лебедь баш болгон 20 жүргүнчүнү ала кетти.

Ошол эле жылы 7-майда Новосибирскиден Алтайга бараткан 8 спортсмендерди да Ми-8 кыйрап, мерт кылды.

2003-жылы июль айында Батыш-Сибирь металлургдук комбинаттын гендиректору Анатолий Смолянинов олигарх жубайы менен учагы кыйрап жан бришкен.

Арадан бир ай өтпөй Сахалин обулусунун губернатору Игорь Фархутдинов - өзү менен кошо учкан 20 жүргүнчүнүн бири болуп - Ми-8- дин кыйрандысынан көз жумган.

Экинчи олигарх, «Южкузбасуголь» көмүр өндүрүү компаниясынын гендиректору Владимир Лаврик да 2006-жылы 13-сентябрде тик учактын кыйрашынан көз жумган.

Буга кошумча былтыр, 2008-жылкы мурдагы советтик республикалар чегинде мамлекеттердеги канча жолку Ми-8 тик учманын кыйрашын мисал алса, бул аба унаасынын канчалык опурталдуу экенин аңдап түшүнсө болот дешет анализчилер.

Темир канаттуу унаанын эмнеден улам асмандан көп кулап түшөрүн изилдегенден майнап болбой атканын айтышат.

9-январда Алтай тоолорунда кыйрап калган Ми-8 тик учактын тирүү калган жүргүнчүлөрү ал асманда кезде кыймылдаткычынын токтоп калганын айтышат. Бирок бул маалыматты ырасмий чөйрө бышыктай элек.

XS
SM
MD
LG