Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Жаңы вице-премьер-министр кызматына киришти


Бүгүн президент Курманбек Бакиев жаңы дайындалган вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаеваны өкмөттүн аппаратына тааныштырды. Мамлекет башчы Өктөмхан Абдуллаеванын буга чейинки ишмердүүлүгүн мактоого алып, ал өлкөнүн социалдык тармагын мындан ары өнүктүрүүгө жетиштүү салым кошоруна ишенерин билдирди.
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Өктөмхан Абдуллаева вице-премьер-министр кызматына 10-январь күнү дайындалган. Мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимова аталган кызматтан өзүнүн арызынын негизинде 9-январда бошотулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG