Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Cултан Раев: Кыргызстанда сөз эркиндиги бар


Бүт бардык саясий окуялар эркин чагылдырылат, мамлекет башчы жана аткаруу бийлиги журналисттер тарабынан түрдүү сындарга кабылып келишет. Мындай пикирин маданият жана маалымат министри Султан Раев бүгүн “Кабар” агенттигине билдирген. Министрдин ою боюнча акыркы убактардагы маалымат каражаттарына каршы сот жараяндарынын көбөйүшү – атуулдардын өз укуктарын коргоо аракеттеринин күчөгөнү менен байланыштуу. Ошондой эле анын айтуусунда журналисттер өздөрү такталбаган маалыматтарды жазып, өздөрүнүн кесибине адистик менен мамиле кыла алышпагандыгынан улам маалымат каражаттары менен соттук териштирүүлөр көбөйүүдө. Султан Раевдин билдиргени боюнча ушул тапта маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү үчүн тиешелүү мыйзамдар иштелип жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG