Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Чүйдөгү 121 мектеп эки айга жабылды


Бул туурасында бүгүн "Азаттыкка" облус губернатору Кубанычбек Сыйданов билдирди. Анын маалыматына караганда, электр кубаты менен жылытылган Чүй аймагындагы бир жүз жыйырма бир мектеп 1-январдан 28-февралга чейин окууну токтотту. Ал эми Билим берүү министрлигинин ресурстук камсыздоо жана сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Айнура Тургунбаева, «эки ай арасындагы өксүктөр күз, кыш жана жазгы каникулдардын эсебинен жана ал билим алууга олуттуу таасирин бербейт», - дейт. Бирок Чүй аймагындагы көпчүлүк мугалимдер мындай абал окуучуларга сөзсүз таасирин тийгизет жана окуу программаларына да кыскартуулар киргизилиши мүмкүн дешет. Облуста жалпысынан 322 орто мектеп бар. (JJ)

XS
SM
MD
LG