Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Дин тууралуу жаңы мыйзамга кол коюлду


Президент Курманбек Бакиев “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” мыйзамга бүгүн кол койду. Буга чейинки мыйзамда жаңы диний уюм түзүү үчүн он адамдын колу керек болсо, жаңы мыйзамга ылайык эки жүз адамдын макулдугу талап кылынат. Диний бирикмелер он диний уюмдун кошулушунун негизинде түзүлөт. Балдарды диний уюмдарга тартууга тыюу салынат. Президент кол койгонго чейин жергиликтүү айрым укук коргоочулар, диний уюмдардын өкүлдөрү, бир катар эл аралык уюмдар мындай мыйзам кабыл алынса, өлкөдө адамдардын динге ишенүү укугу чектелет, деген кабатырлануусун билдиришкен. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, бир катар мамлекеттик органдар мыйзамдагы талаштуу жагдайларды карап чыгып, мыйзам адамдардын динге ишенүү эркиндигине шек келтирбейт деп тапкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG