Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

К.Акматовдун чыгармасы англис тилинде жарык көрөт


Жазуучу Казат Акматовдун “Архат” аттуу романы англис тилине которулуп жатканын мурда кабарлаганбыз. “Азаттыктын” таңкы маегинде жазуучу өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө кеп салып берди.

-Сиздин “Архат” аттуу романыңыз англис тилине которулуп жакында Лондондон жарыкка чыккан жатат. Ал романыңызда көтөрүлгөн маселе чыгарманы англис тилинде окуган адамдарды багындыра алат деген ишеним барбы?

-Ал жакта чыгарманы тандаш маселеси өтө татаал экен. Аларда атайы жакшы чыгарманы издеген агенттер болот экен. Мисалы, менин романымды Блейк Фредман деген Лондондогу адабий телевизиондук агенствонун кишилери тандап, ошолор котормочу таап, которуп бүтүп эми басылганы турат.

Менден дагы бир чыгарма сурашты, берсем аны да которушту. “Архаттан” кийин дагы бир чыгарма бүткөм, андан кийин дагы бир чыгармаңызды бериңиз которобуз дешти. Андан кийин “Мунабия” деген повестимди бердим кичирээк, аны которуп жатышат. Алар мага контракт жиберишиптир сиздин чыгармаларыңыздан 6-7 чыгарма чыгарабыз дейт. Блейк Фредман деген администратор 17 мамлекетте иштейт экен. Ошонун ичинде Англия, Франция, Германия, Америка, Швеция, Швейцария деген мамлекеттер бар экен.

Эми аларга жагабы, жакпайбы ал башка маселе, бирок алар тандап алып чыгарып жатышат. Тандап алган себеби, былтыр булар Москвада болуп өткөн “Библия образ 2007” деген фестивалга катышкан, ошол фестивалда “Архат” презентация болгон. Ошол презентацияда агенттер катышып отурган. Чыгып сүйлөгөндөр “Архат” эмне жөнүндө, кайсы проблема чагылдырылат, ошолор да айтылган да, анан ошондон улам тандап алышат экен. Болгарлар которду, Софияда чыкты. Түрктөр которуп жатат, ошол сыяктуу муну тандоо бир топ татаал процесс менен ишке ашат экен.

- Ал эми азыр сиз ушул тапта кандай чыгарма жазып жатасыз. Анын башкы темасы эмне? Окурмандарды азыр кандай темадагы чыгармалар кызыктырат деген ойдосуз?

-Кыргызстандын коому азыр адабият менен эмес, маданият менен эмес, руханий маселелер менен эмес, биздин мамлекеттик түзүлүш менен алек болуп жатпайбы. Мамлекеттик түзүлүшүбүздү бир калыпка келтире албай, талаш-тартыш болуп атпайбы. Элдин баардыгы ошого алек болуп, элдин баардыгы саясатка кызыгып, элдин бардыгы тең шайлоого, анан чоңдорго, бюрократиянын турмушуна кызыгып аткан кез. Бул өзү убактылуу нерсе, мунун баары ордуна келген кезде, анан стабилдешкенден кийин анан маданият, руханий казыналар жөнүндө ойлогонго убакыт келет. Ошон үчүн азыр китеп окуу азайып баратат. Китеп такыр окулбай калды, эл маданиятты, рух дүйнөсүн таштады деген убактылуу сөздөр да.

- Мына ушул өзүңүз айткандай азыр жаштар, деги эле коомчулук адабий китептерди окубай калды да. Ошол жагдайдан алганда азыр жазылып жаткан китептер бара-бара окулбай калабы деген кооптонуу жокпу?

-Андай кооптонуу болот, себеби китептин конкуренттери көбөйүп кетпедиби. Мисалы телевидение, кино жана видео, аудио аппараттар, өзгөчө интернет чыкпадыбы, уюлдук телефон. Бул техникалык жетишкендиктин баары китептин душманы болуп чыгышты.
XS
SM
MD
LG