Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Газа тилкесиндеги баскынчылыкты айыптаган митинг өттү


Бүгүн, дүйшөмбү күнү Бишкек шаарынын Горький аянтында Газа тилкесиндеги согушка каршы, тактап айтканда, Израил мамлекетин баскынчы катары айыптаган митинг болуп өттү.

Митинг “Акыл-эс, рух жана ыйман” коомунун демилгеси менен уюштурулуп, ага мусулман дин кызматкерлеринен, укук коргоочулардан, ар кандай партия өкүлдөрүнөн, журналисттерден 70ке жакын адам чогулду. Бирок мусулман дин башкармалыгынан – муфтияттан эч ким катышканы жок.

Митингечилер “Жакынкы Чыгышта тынчтык орносун!”, “Израилдик канкорлордун кылганы - нагыз фашизм, адамзатка каршы кылмыш!”, “Баскынчылар, ыйык Палестина жеринен кандуу колуңду тарт!” деген сыяктуу ураандарды көтөрүп турушту.

Митингди ачып жатып “Акыл-эс, рух жана ыйман” коомунун жетекчиси Дүйшөнбек-ажы Абдылдаев учурда Израил мамлекети тарабынан Газа тилкесинде жашаган мусулмандарга өтө каардуу баскынчылык согуш жүргүзүлүп жатканын, аз эле мезгилдин ичинде 1000ге чукул мусулман, көпчүлүгү бейкүнөө балдар, аялдар өлгөндүгүн маалымдоо менен, мусулмандардын жексен кылынышына кыргызстандык мусулмандар да катуу кыжырданып жаткандыгын белгиледи. Митингде ар кандай ачуу сөздөр сүйлөндү.

Ардагер журналист Орозбек Мусакеев өз сөзүндө бар-балээнин баары Израилди колдоочуларда деп айтты:

- Бул баскынчылыкты Израилдин атына жамынып туруп ошо Израилди колдогон чоң мамлекеттер жасап жатышат! Токтоткула бул кысымыңарды!

Митингде жаштардын атынан сүйлөгөн Илимбек Сарбагышев интернеттеги маалыматтарды да ортого сала кетти. Анын айтуусунда, бир аял өлүп, жарадар болгон жаш баласы аны кучактап ыйлап жатса ага келген тез жардам машинесин дарыгерлери менен кошо израилдиктер жардырып ийген. Жума күнү кечинде берилген маалымат боюнча эле, 13төн ашык ошондой тез жардам машинеси, 30дан ашык дарыгер өлтүрүлгөн.

Биз митингде чыгып сүйлөбөгөндөргө да микрофон сундук. Укук коргоочу Акин Токталиев Газа тилкесиндеги кыргын-согушту айыптаган митингди Кыргызстандын жетекчилери өздөрү уюштуруш керек эле деген ойдо.

Дагы бир укук коргоочу Качкын Булатов эл аралык “Манас” аба майданындагы антитеррордук күчтөрдүн чыгарылышын талап кылып, митингде сүйлөгөндөргө нааразылык билдирди. Анын ою боюнча, Ооганстан тараптан келген 60 кишиге 1999-жылы Кыргызстан туруштук бере албай, бюджеттен 4 млрд. сом короткон эле, азыр базаны алып чыгып кетсе Ооганстан жактан коркунуч келбейт деп ким кепил болмок?

Ал эми Кыргызстандагы жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман Газа тилкесиндеги согушту - мусулман террорчулугуна каршы күрөш катары баалайт:

- Тилекке каршы, акыркы мезгилдерде бүткүл дүйнө терроризм деген балакетке барган сайын арбын кабылып жатат. Жакынкы Чыгышта, тактап айтканда, Газа тилкесинде деле ошол террорчулуктун айынан согуш өртү күчөп атат. Израил мамлекети ошол терроризмге каршы турууга катуу аракет кылууда.

Израилди баскынчы катары айыптаган митингдер Кыргызстанда дагы-да улана тургандай.

XS
SM
MD
LG