Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

О. Молдалиев: Президент мунасага барды


Президент жаңы администрация башчысын дайындоо аркылуу өз айланасындагы топтордун бирине мунасага барды. Мындай пикирин “Азаттыкка” саясат таануучу Орозбек Молдалиев билдирди. Талдоочу ошондой эле администрация башында Данияр Үсөнов убактылуу иштеп туруп, президенттик шайлоо алдында ордун башка жетекчиге бошотуп бериши мүмкүн деп болжойт. Данияр Үсөнов кечээ президенттин жардыгы менен Медет Садыркуловдун ордуна администрация башчысы болуп дайындалды. Март ыңкылабынан кийин бийликке келген Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер министрликке чейин көтөрүлгөн. Былтыр июлда Бишкек шаар башчылыгынан Кыргызстанды өнүктүрүү корунун башчылыгына которулган. Бүгүн эртең менен “Азаттыкка” берген интервьюсунда президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев Данияр Үсөновду тандоодо президент анын экономиканы мыкты билгендигин эске алды деп билдирди.

(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG