Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:16

К. Бакиев: Кадрдык өзгөрүүлөрдөн саясий кыйкым издөөнүн кажети жок


Президент Курманбек Бакиев кечээ жаңы дайындалган жетекчилер менен жолугушуу учурунда акыркы кадрдык алмаштыруулар кадырэсе жараян жана андан саясий кыйкым издөөнүн кажети жок деп билдирди. Президент жолугушкан эки жетекчинин бири мурдагы Эмгек жана социалдык коргоо министри Өктөмкан Абдуллаева өз каалоосу менен кызматынан кеткен Элмира Ибраимованын ордуна вице-премьер министр болду. Ал эми Эмгек жана социалдык коргоо министри болуп Назгүл Ташпаева дайындалды. Жаңы министр буга чейин өкмөттүн социалдык бөлүмүн башкарып келген. Кесиби –балдар дарыгери. Үчүнчү класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси чени бар. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG