Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Евробиримдик Орусия чечимин жактабайт


Украина аркылуу Европага газ жибербөө тууралуу Орусиянын чечимин Евробиримдик натуура деп эсептейт. Орусия буга чейин Украина менен газ боюнча мунасага келбей, жетишилген макулдашууну аткаруудан баш тарткан. «Газпром» Еврокомиссиянын сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана эми орус газы бүгүндөн тарта кайра Украина аркылуу Европага жибериле турган болду. Еврокомиссия Орусиянын талаптары аткарылды деп билдирүүдө. Киев эч кандай талабын койбой туруп, Орусия менен транзит боюнча келишимге кол койду.
Украина менен Орусия газдын баасы боюнча сүйлөшө албай, анын айынан Евробиримдик да орус газын ала албай калган эле. Анткени Европага жеткирилип турган орус газы Украина аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG