Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

БЭК аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге кайрылуу жолдоду


Бириккен Элдик кыймылдын мүчөлөрү аскер кызматкерлерин жана жоокерлерди бир үй-бүлө, алардын бийлиги үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылууга чакырышат. Анда айтылгандай жакында парламент тарабынан кабыл алынган мыйзам аскерлерге бийлик башындагы адамдын кызыкчылыгы үчүн элге каршы ок атууга уруксат берди, бул болсо Кыргызстан Башмыйзамынын 9-беренесине гана каршы келбестен, адам баласынын акылына сыйбай турган жорук. “Кыргызстандын өнүгүп - өсүшү үчүн өз элиңер менен бирге болгула! Армияны, Куралдуу күчтөрдү, ар биринерди кийинткен, ичинткен Бакиев жана анын үйбүлөсү, анын биртуугандары эмес, кыргыз эли, Кыргызстандын эли,” деп жазылат БЭК жолдогон кайрылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG