Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстанда “Ар-Намыс” партиясынын демилгеси менен “Акыйкат экономикалык тартип” деп аталган коомдук бирикме түзүлдү. Аталган уюм дүйнөлүк кризистин шартында Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө адилет шарттарды түзүү максатын көздөөрүн партия лидери Ф. Кулов билдирди.

“Ар-Намыс” партиясынын лидери, кичи жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүү долбоорунун дирекциясынын жетекчиси Феликс Куловдун айтымында, “Акыйкат экономикалык тартип” коомдук бирикмесинин негизги максаттарынын бири - экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Ошондой эле ишкерлердин укуктарын коргоо, элдин кызыкчылыгы үчүн экономикалык реформаларды жүргүзүү болуп саналат:

- Биздин бирикме орто жана чакан ишкерлерге колдоо көрсөтүп, укуктарын коргоого аракет кылат. Зарыл учурларда өкмөткө жана жергиликтүү бийликке экономикалык маселелерди чечүүдө жардам берүү да биздин максаттарыбыздын бири.

Ф.Кулов ошондой эле экономикалык кризистин шартында бийликти, анын түзүмүн алмаштыруу экономикада мындан да күчтүү кыйроолорго алып келиши мүмкүндүгүн белгиледи:

- Анткени жаңы жетекчиликке да ахыбалды түшүнүүгө убакыт керек да. Ал эми кризис болуп турганда куру өтүп кеткен бир саат болобу, бир күн болобу катаал кесепеттерге алып келиши ыктымал. Белгилей кетчү нерсе, бул бирикме саясий максатта түзүлгөн жок.

Ф.Куловдун пикиринде, экономикалык оор абалдан чыгуу үчүн алгач энергетика тармагында проблемаларды чечүү зарыл. Быйыл Дирекция кубаттуулугу 40-60 МВттык гидроэлектр станцияларын курууну пландаштырууда.

Анткен менен, "эч бир саясий максатты көздөбөйбүз, экономикалык маселелерди чечүүгө багыт алдык" деп жар салган бул жаңы бирикме айрым байкоочулардын сынына кабылууда. “Ак жол” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев “Ар-Намыс” партиясынын демилгеси менен экономикалык реформаларды жүргүзөбүз, бийликке колдоо көрсөтөбүз деп түзүлгөн бирикме бийликке жетүүнүн бирден бир жолу деген көз карашта:

- Булар экономикалык жактан элди тартып, маселен, биз мындай кылсак абал оңолмок деген ой болуп жатат. Айланып отуруп эле булардын түпкү максаты бийлик, саясат экени көрүнүп турат. Ф.Кулов ГЭСтерди куруп, экономиканы көтөрөм деп жатпайбы. Мына президенттик шайлоо алдыда турат, менимче партиянын мындай экономикалык багыты шайлоо алдында өзүнчө бир платформа.

Адистердин баамында учурда өлкөдө тамырын терең жайган коррупция жана башка субъективдүү себептер акыйкат экномиканы түзүүнү өтө татаалдашырууда. Мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Сабыр Молдокулов жаңыдан түзүлгөн бирикменин ишмердүүлүгү жана койгон максаттары канчалык деңгээлде ишке ашаарын бирикменин биринчи кадамдарынан эле белгилүү болоорун айтат. Ошондуктан, дейт С.Молдокулов, бирикмеге алдын ала баа берүү азырынча эртелик кылат:

- Экономикага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө буларда расмий мүмкүнчүлүк болгон да убагында. Акыйкат экономиканы түзүү өтө кыйын иш. Иштебеген мыйзамдарды бул кишилер иштете алабы, кандай жаңы сунуштарды беришет. Мына ушундан эле билинет.

Маалыматка караганда, аталган бирикмеге ар бир жаран ыктыярдуу түрдө мүчө болуп кире алат, ал эми чет жактан келген адистер байкоочу милдетин аткара алат. Аталган бирикмени убактылуу Ф.Кулов өзү жетектемей болду.

2005-жылы март окуясынан кийин өкмөт башчы кызматына дайындалган Ф.Кулов бир жарым жыл өтпөй өлкөдө реформаны жүргүзүү талабын койгон “Бириккен фронтту” жетектеп келди. Фронттун апрель айындагы ийгиликсиз саясий акцияларынан кийин Ф.Кулов кичи жана чакан энергетиканы өнүктүрүү долбоорунун дирекциясын башкарып калды.
XS
SM
MD
LG