Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Т.Акун: Саясий укуктар менен жарандык эркиндик жагынан артка кеттик


Акыйкатчы институту бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарууда. Өткөн жылдагы ийгилик жана кемчиликтер, адам укуктарына байланышкан өлкөдөгү абал тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Адам укуктарын коргоо жаатында институттун өткөн жылдагы жүргүзгөн иштерининин ишинен башкы жетишкендик эмне болду, кемтиги эмне болду?

- Жетишкендиктердин бири - 2008-2013-жылдары Акыйкатчы институтун өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыктык. Мындай план мурда болгон эмес, мында адам укугунун көп багыттары боюнча айтылган. Экинчи жетишкендиктерибиздин бири - психотерапиялык кызмат болгон саламаттык сактоо министрлигинин алдында. Ошол кызмат толугу менен биздин институтка өтүп атат. Ошону менен биз аракеттенебиз. Андан тышкары Акыйкатчы институтунун алдында укук коргоочулардын атайын коомдук кеңеши түзүлдү. Бул дагы чоң жетишкендик деп эсептейм. Андан тышкары эл аралык уюмдар менен жана бийлик менен кызматташуу жолго салынып, бизге 3 жылдын ичинде 600 миң долларлык чоң өлчөмдөгү грант бериле турган болду.

Бул жетишкендиктердин бири болсо, эми кемчиликтери мен ойлойм модернизация маселеси, компьютер менен камсыз болуу, веб сайт маселеси, интернет бизде аябай начар иштеп атат. Алган гранттар менен ушуну толугу менен кайрадан жолго салсак болот. Кызматкерлерди канчалык кыскарттык, реорганизация болду. бирок араларында азыркы талапка жооп бербеген адистер дагы деле болсо калып жатат. Ошолор да ишке өзүнүн кедергисин тийгизип жатат. Анан дагы кээ бир маселелерди аткаралбай калган жактарыбыз да болду, бирок жетишкендиктер көп болду деп эсептейм.

- Эл аралык Фридом Хаус уюму кечээ 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанды саясий укук жана жарандык эркиндиктер кысылган өлкөлөрдүн катарына кошту. Буга өткөң жылы адам укуктарынын абалы начарлаганы, сөз жана басма сөз эркиндиктеринин кысылып, чогулуш, жыйындарды өткөрүүгө чек коюу негиз берди. Мындай сындарды жоюу үчүн Акыйкатчы институту бул жылы кандай аракеттерди көрөт?

- Бул жылы өзүңөр билесиңер, бул маселелер боюнча чынында эле Фридом Хаус уюмунун берген жыйынтыгына мен негизинен кошулам. Анткени мына Кадырбеков 9 айдан бери камалып турат, бул маселени убагында койгонбуз, ал туура эмес камалды. Анын күнөөсү барбы, жокпу аны сот чечет, биз актай албайбыз, бирок 21-октябрдан баштап сот башталганга чейин мыйзамсыз түрдө түрмөдө кармалды.

Андан тышкары белгилүү оппозициялык ишкерлердин үстүнөн алардын министр, же башка кызматта турганда иш козголбой, алар кызматтан кетээри менен, оппозицияга кирери менен иш козголуп атат. Булар дагы жакшы эмес. Кээ бир жарандарыбыз өлкөдөн чыгып кетишти бийликтин эмес, укук коргоо органдарынын куугунтуктоосунун негизинде. Алар чыгып кетпесе да болот эле, бирок тилекке каршы чыгып кетишти. “Алиби”, “Де факто” сыяктуу кээ бир гезиттер жабылып калды. Бул дагы Кыргызстанга жакшылык алып келбейт. Ошон үчүн саясий жана атуулдук укуктар жагынан алганда, мурдагы 2006-07-жылдарга караганда артка кетүү байкалды адам укуктары боюнча.

- Мына ушул кемтиктерди жоюу үчүн Акыйкатчы катары кандай аракеттерди көрөсүз быйыл?

- Ушул маселелер боюнча мен жакында президентке киргенде да айттым, четинен айтып, бардык принципиалдуу маселелерди койдум. Бул маселе боюнча тиешелүү органдарга, эл аралык уюмдарга, айрыкча президентке, парламентке кайрылып атабыз. Ушунун баардыгын жакында апрель айында боло турган, 10-февралда боло турган ЖК комитетиндеги докладымда жана парламенттеги докладымда бүт баары көрсөтүлөт.

Айрыкча “Азаттыктын” эфирге чыкпай атканы боюнча, Би-Би-Синин токтоп кайра жандангандыгы боюнча, жана башка гезиттердин токтоп калганы боюнча менин ар жыл сайын бериле турган докладымдын баарында көрсөтүлүп, бүт дүйнөлүк коомчулукка, президентке, парламентке таратылат.

- Анда Акыйкатчы катары кандайдыр бир чакырык айтасызбы?

- Чакырык эле айтылбастан, сунуш да айтылат. Акыйкатчынын 2008-жылдагы доклады - бул өтө чоң саясий окуя болгону атат. Ошондой окуя кылабыз кудай буюрса, анткени мында адам укугунун азыркы абалына баа беребиз, кандай жетишкендиги, кандай оркойгон кемчиликтери боюнча, анан адам укугун тепсеген 100гө чукул чиновниктердин фамилиясы айтылат, алардын арасында аким, губернатор, министрлер, Ак үйдө иштегендер бар.

- Оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтукка каршы күрөшүүчү топ түзүп жатат. Саясий куугунтук күч алды деген пикирге негиз бар деген ойдосузбу?

- Күч алды дегенди мен колдой албайм. Бирок кээ бир саясатчыларга, оппозициялык ишмерлердин үстүнөн иш козгоп койгонунун өзү негиз болуп атат. Ошол жагы гана болуп атат. Бирок бийлик, президент артынан түшүп алып аларды куугунтуктап алган жок. Анткени биз оппозиция болуп жүргөн убактарда, Акаевдин тушунда биз эркин чогулуштарды, жыйындарды облустарда, борбордо, “Достук” мейманканасында өткөрө алчу эмеспиз. Булар эркин өткөрүп атышат. Жакында Таласка уруксат берди, башка дагы жыйындары болгон атат. Ушунун баарына бийлик уруксатын берип атат, түшүнүш керек да. Бийликтин көп кемчилиги бар, бирок бир жактуу дагы күнөлөй берген болбойт. Мурдагыга салыштырмалуу көп жыйындарды ээн-эркин өткөрүп атышат. Бирок тилекке каршы пикет, митингдерди өткөрүү маселеси мурдагы бийликке караганда начарлап кетти, мурда камалсак да өткөрчүбүз, азыр бул жагы бир топ кыйын болуп калды.
XS
SM
MD
LG