Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Жалал-Абатта "Ардактуу атуул" наамын берүү жарым жылга токтотулду


Шаардык кеңештин сессиясында мына ушундай чечим кабыл алынды. Кеңештин төрагасы Таалайбек Энназаровдун билдиришинче “Ардактуу атуул” деген наам Жалал-Абатка өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга ыйгарылышы керек. Депутаттар наам жөнүндөгү жобо бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калгандыгын жана аны кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Кеңештин жыйында шаардык бюджет да бекитилип, казынанын 40 пайызга жакыны социалдык тармакка жумшала турган болду. Калаада иштеген ар бир мугалимге алардын кесиптик майрам күнү миң сомдон материалдык жардам берүү тууралуу да бүтүм чыгарылды. Депутаттардын пикири боюнча буга дейре 100 кишиге “Ардактуу атуул” наамы берилген. 100 миң калкы бар шаар үчүн бул көрсөткүч көптүк кылат. (YA)

XS
SM
MD
LG