Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама 20-январда кызматына расмий түрдө киришкени турат. Учурда бул өлкөдө жаңы президенттин ант берүү аземине карата катуу даярдыктар көрүлүүдө. АКШдагы кабарчыбыз бул окуя жана Барак Обама менен анын өкмөтүнүн Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга карата саясаты кандай болушу мүмкүндүгү тууралуу АКШнын Мериленд университетинин саясий илимдер боюна докторанты, саясат таануучу Эмилбек Жураевди кепке тартты.

- Америка коомчулугу, эли жаңы шайланган Барак Обаманын расмий бийликке келишин абдан чоң үмүттөр менен күтүп жатат. Сиз да азыр АКШнын борбору Вашингтон шаарында жашап, окуп жатасыз. Сиздин байкооңуз кандай?

- Ооба, азыр чындыгында сиз айткандай АКШ эли Барак Обаманын кызматка киришүүсүн өтө чоң үмүттөр менен, өтө чоң кубаныч менен күтүп атышат. Телевизорду карайсызбы, гезиттердиби, интернеттеби баардыгы ошол эле кабар. Бир жагынан азыр АКШда тарыхый жаңы учур болуп турат, экинчи жагынан экономикалык-саясий кырдаал Америкада да, дүйнө жүзүндө чоң үмүттөргө, чоң күтүүлөр түрткү берүүдө.

- Жаңы шайланган президент Барак Обаманын шайлоо жараяны абдан чоң шаң менен өттү деп айтсак болот. Америка коомчулугу албетте чоң өзгөрүүлөрдү, же болбосо кризистен Барак Обама сактап калат деген чоң ишенимде турушат. Президент Барак Обама жана анын өкмөтү түзүлүп турган кырдаалды колуна алып, алга жылып кетет деген ишенимди сиз бөлүшө аласызбы?

- Албетте бир жагынан элдин баардыгы ишенишет. Анткени эл ишенбегенде кайда барат. Бирок ошол эле кезде жеңишке жетишкен күндөн баштап Барак Обаманын сөзү акырындык менен, кылдаттык менен айтылып аткан сөздөр болуп атпайбы. Негизи келе жаткан 1-2 жылга чейин оңойчулук менен чыгып кеталбайбыз бул кризистен деп атышат. Албетте бул дүйнөлүк кризис. Американын экономикасы чоң болгондуктан, эң чоң өлкө болгондуктан булардын өзгөчө ролу бар. Ооба, менимче чечилбей кайда бармак эле. Бирок кыйын кырдаал болот. Ал нерсе бир жума, бир айдын ичинде чечилчү нерсе эмес. Аны америкалыктардын баарысы түшүнүп турушат, дүйнө деле түшүнүп турат. Обама өз тарабынан түшүндүрүүгө аракет кылып атат ар сүйлөгөн сөзүндө.

- АКШ дүйнөлүк деңгээлде дагы эл аралык саясатта дагы эң чоң ойноочулардын бири. Барак Обама келечектеги саясатындагы негизги багыт катары, Ирактагы жаңжалдын кесепеттерин жоюу, Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу тууралуу баса белгилеп айтты эле. Андан кийин эми мына Газа тилекесиндеги жаңжал чыкты. Сиз ушул багытта Американын болочоктогу саясатын кандай көрөсүз?

- Азыркы мезгилде тышкы саясат боюнча президент Обаманын жаңы командасынын саясаты кандай болоорун так айтыш кыйын. Кайра-кайрадан айтып атпайбы, Газа тилкесиндеги кризистен улам суроолор берилип атат Обамага дагы, жаңы келаткан лидерлерге, эмне кылабыз, Американын чечимдери, ролдору кандай болот деп. Бирок Обама чечкиндүү сөз сүйлөгөн жок, анткени азыркы учурда президент Жорж Буш. Эки ооздон эки үн чыгышы мүмкүн эмес. Анткени бул өтө чоң, өтө маанилүү иш. 20-январдан кийин буюрса байкайбыз.

Жалпысынан айтып кетсе болот, Обаманын саясаты бир жагынан өтө эле кескин радикалдуу түрдө өзгөрбөйт го. Бирок ошол эле кезде кайсы тарапка өзгөрөт, кандай түрдө өзгөрөт муну мүмкүн кичине божомолдосок болот. Бир жагынан өтө прогматикалык түрдө келаткан киши бул, жалаң гана идеология менен гана ойлонгон киши эмес. Командасы дагы ошондой болот. Бул келер замат эле Ирактан аскерлерин толугу менен чыгарып кеталбайт. Аны түшүнүш керек, келе сала эле Израилди күнөөлөп, же палестиналыктарды күнөөлөп, кескин түрдө эч кандай чечим да болбойт. Ошол эле мезгилде Жорж Буштун саясий багыты өзгөртүлөт. Менимче либералдуурак, дүйнөгө карата көбүрөк урматтоо менен, көбүрөк добуш берүү менен, көбүрөк бирге иштешүү нугунда саясат кылышы мүмкүн.

- Сиз саясат таануучу катары Барак Обама жана анын өкмөтүнүн Кыргызстанга, Борбор Азияга болгон саясаты кандай болсо деп ойлойт элеңиз?

- Менимче кайра эле түшүнүш керек, бүгүн Кыргызстанга көңүл буруп, Кыргызстан боюнча саясий пландарын билип ала албайбыз. Бирок эмнени каалайт элек, албетте биринчиден биздин саясатка кийлигишпесин, АКШ же башка өлкө болбосун биздин саясатка киришүүсүнүн кереги жок. Чыныгы эгемендүү болгондуктан өзүбүз чечебиз.

Экинчиден, биз менен иштешүүдө, көмөк көрсөтүүдө менимче демократизациялоо, адам укуктарын колдоо, саясий түрдө өнүгүү, парламентаризм боюнчабы, саясий партиялардын өнүгүшү боюнчабы, бул багытта иштеп жаткан Американын программаларын жок кылбай, мүмкүн көбөйтүп, күчтөндүрсө дагы жакшы болмок.

Акыркы кездерде ошол программалар кесилип, кичине азыраак көңүл бурулуп атпайбы, биздин өзүбүздүн мамлекет да, коңшу мамлекеттер да андай программаларга каршылык көрсөтүп атышат. Менимче Кыргызстан үчүн демократияга жетишебиз десек, чыныгы либералдуу Конституциянын негизинде түзүлгөн парламенттик, же башка легитимдүү мамлекет түзөбүз десек тышкы дүйнөдөн жетишилген демократиялардан үйрөнө турган сабагыбыз көп.

- Ошол эле учурда Америка өкмөтүнүн Ооганстанды жана Кыргызстандагы Американын аскерий базасын эске алганда, башка Борбор Азия мамолекеттерине караганда Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлөт деп күтсөк болобу?

- Ооганстан проблемасынын тегерегинде караганда, албетте стратегиялык куралдуу күчтөр чөйрөлөрү албетте көңүл бурушат Кыргызстанга. Ал Барак Обаманын администрациясынын Ооганстанга болгон саясаты боюнча планына жараша болот. Барак Обама шайлоодо сүйлөгөн сөзүндө Ооганстанга болгон пландарга да, күчтөргө көңүл бурулат деп келген. А деген эмне? Ал деген Кыргызстан үчүн мүмкүн кайра эле көбүрөөк көңүл бурулат дегенди билдирет. Менимче, Кыргызстанга көңүл буруу геосаясий маанилүүлүгүнө да байланыштуу.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG